Арафа күн деп Курман айтка бир күн калган күндү айтат.
Анткени ажылар бул күнү “Арафат” тоосуна чыгып, өзгөчө ибадат кылышат.
Айрымдар Орозо айттын алдындагы күндү да арафа күнү деп аташат, бирок бул туура эмес. Арафа күн жылына бир эле күн, Курман айттын алдындагы күн “арапа” деп аталат.
Курман айт же арабча “Ид аль-Адха” – курмандык чалуу күнү. Бул улуу майрам Рамазан айынан 70 күндөн кийин башталат.
Курман айт алдында мусулмандар ыйык жерлерге; исламдын бешинчи тиреги болгон ажылыкка барышат.
Ар бир момун адам өмүрүндө жок дегенде бир жолу ушул ибадат жолду басып өтүшү керек жана анда Аллах ага диний жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн деңгээлин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Албетте, ажыга барууга мал-мүлк жагынан шарты болуусу зарыл.
Курман айт майрамы Зулхиджа айынын онунчу күнү өткөрүлөт. Быйыл майрам 20-июлга туш келди. Курман майрамынын алдында, башкача айтканда 19-июлда Арафа күнү орозо кармоо сунушталат.
Арафада орозо тутуу, ушул учурда Арафат тоосунда туруп, Алладан күнөөлөрүнүн кечирилишин суранган ажылар менен мусулмандар арасында биримдикти сезүүгө болот.
Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) айткан хадистеринде: “Эң берекелүү күн Арафа күнү, ал береке жагынан жума күнгө окшош. Араф күнү жума күнү аткарылбаган жетимиш ажылыктан жакшыраак. Эң куттуу дуа – Араф күнү жасалган дуа. Мен жана менин алдымдагы пайгамбарлар айткан эң куттуу сөздөр – Ла Ильяха Иллаллах Вахдаху ла Шарикя Лаху (Аллахтан башка Кудай жок жана Анын шериктери жок)”,- деп айтылат (Муватта, Хаж, 246).