Алиев менен Путин Карабак маселесин талкуулашты

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Орусияга болгон расмий иш сапарында өлкөнүн президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Түштүк Кавказдагы кырдаалды талкуулады.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу 20-июлда Москвада өткөн.
Путиндин айтымында, Орусия менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык мамилелер пандемияга байланыштуу кризистен жигердүү түрдө калыбына келүүдө.
“Биздин мамилелер коронавирустан кийин калыбына келе баштады, айрыкча экономика жааты. 2020-жылы белгилүү бир төмөндөө байкалган, эми туруктуу өсүш, калыбына келүү байкалууда. Орусия ишенимдүү түрдө экономикалык чөйрөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт, өкмөттөр аралык комиссия жигердүү иштеп жатат », – деп Кремлдин басма сөз кызматы Путиндин сөзүн келтирди.
Орусиянын мамлекет башчысы ошондой эле Азербайжан менен 2022-жылга белгиленген дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын улуу майрам деп атады.
«Биз коронавируска каршы күрөшүүдө барган сайын жигердүү кызматташып жатабыз. Менин оюмча, буга чейин 100,000 жеткирилген (вакцинанын дозасы) далил боло алат”, – деп сөзүн улады Путин. Путиндин айтымында, эң маанилүү маселелердин бири – бул аймактагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси. Азербайжандын президенти Түштүк Кавказдагы кырдаалга дагы көңүл буруп, Баку расмий түрдө Карабак аймагындагы жаңжалдан кийинки абалды турукташтырууга чечкиндүү экенин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү