Армия күнү. Иран парадда аскердик жетишкендиктерин даңазалады.

Бүгүн Иранда Улуттук армия күнүнө карата өлкө боюнча анын ичинде борбор калаасы Тегеранда аскердик парад өтүп, өлкөнүн аскердик жетишкендиктери көрсөтүлдү.

Иранда Ислам революциясы жеңишке жеткен жылдан бери өлкө армиясынын кургактагы, аба, деңиз жана абадан коргонуу күчтөрүнүн  улуттук күнү жыл сайын 18-апрель күнү белгиленип келет.

Тегеранда Ислам Республикасынын негиздөөчүсү аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейинин жанында өткөн иш-чарага өлкө президенти Ибрахим Раиси жана жогорку аскер адамдары катышты.

Анын жүрүшүндө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жана аскердик техникалары параддан өттү.

Анда өлкөнүн аба, кургактагы жана деңиз күчтөрүнүн акыркы жетишкендиктери анын ичинде тик учактары, согуштук учактары, абадан коргонуу куралдары, коргонуу комплекстери,  учкучсуз учуучу учактары, ракеталар, брондолгон унаалары көрсөтүлдү.

Аскердик параддын максаты – Иран армиясынын жетишкендиктерин жана аскердик күчүн көрсөтүү болуп саналат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *