Эмне үчүн мусулмандар бүгүнкү күндө Аль-Акса мечитине жана Палестина көйгөйүнө маани беришпейт? Кадыр Маликовдун пикири

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун кеңешчиси, дин таануучу Кадыр Маликов Аль-Куддустун мусулмандар үчүн маанилүүлүгүн жана эмне үчүн бүгүнкү күндө мусулмандар Аль-Акса мечитине жана Палестина көйгөйүнө маани беришпей жаткандыгынын себебин соцтармактагы баракчасына жарыялаган видео билдирүүсүндө айтып берди.

Эмне үчүн Аль-Кудус мусулмандарга ушунчалык маанилүү?

Аль-Акса мечити жайгашкан Аль-Кудус (Иерусалим) Ыйык шаары Каъба турган Аль-Харам мечити жайгашкан Меккеден жана Пайгамбардын мечити жана анын жанында кабыры жайгашкан Мединадан кийинки Исламдын үч Ыйык шаарынын бири болуп эсептелет.

Алла Таала Куранда Исра сүрөсүндө айткан: “Алла Таала Өз пендесин бир түнү Масжидил Хароомдон, тегерегине береке түшүргөн Масжидил Аксага сейлидеткен”. Бирок дал ушул Аль-Куддус шаары жана Аль-Акса мечити Акыретке байланыштуу окуялардын дүйнөлүк борбору болуп эсептелет.

Азыркы дүйнөлүк саясат, согуштар жана мусулман дүйнөсүндөгү жана Жакынкы Чыгыштагы (Палестина, Египет, Сирия, Ирак, Йемен, Ливан, Ливия ж.б.) туруксуздуктар дагы ушул жерлер менен байланышкан. Дал ошол жерлерде бүткүл дүйнө үчүн да жана Ислам үчүн да маанилүү болгон дүйнөлүк тарыхты жана адамзаттын келечегин өзгөрткөн окуялар болуп өтөт.

Бирок өтө өкүнүчтүүсү, ислам үммөтү, балким Куран жана Сүннөт булактарын, Аль-Куддустун ислам тарыхындагы ордун жана ролун жакшылап билбегендигинен, Ыйык Жер (Палестина) маселесинин олуттуулугуна, Исламдын үчүнчү ыйыгы – Аль-Акса мечитинин келечектеги тагдырына салкын көз караш кылып жатышат. Ал эми, чындыгында, бүгүнкү күндө Аль-Куддусту (Иерусалимдеги), Аль-Акса мечитин дүйнөлүк сионизмден жана ошондой эле жалпы адамзатты жалган пайгамбар Дажжалдын адилетсиз дүйнө тартибин орнотуудан коргоо маселеси, жалпы ислам үммөтү үчүн жалпы исламдык иш болуп олтурат.

Эмне үчүн мусулмандар бүгүнкү күндө Аль-Акса мечитине жана палестина көйгөйүнө маани беришпейт?

Мунун себеби, биринчи кезекте биз Аль-Акса мечитине терең түшүнүк берген жана аны сүйүүгө, ага берилүүгө үндөгөн Куран аяттарына жанакээ бир хадистерге жеткиликтүү көңүл бурбай жатабыз жана бул нерсе азыркы дүйнөдөгү болуп жаткан процесстердин маңызын Куран жана биздин пайгамбарыбыз Мухаммаддын с.а көз карашында чагылдырып бере албаган азыркы имамдардын жана Ислам аалымдарынын өтө чоң кемчилиги.

Аль-Куддус шаарындагы (Иерусалим) ыйык Аль-Акса мечити мусулмандардын биринчи кыбыласы болгондугун ар бир мусулман баласы билүүгө тийиш. Дал ушул жерде Мухаммад с.а пайгамбарыбыздын жетекчилиги астында бардык пайгамбарлар а.с намазга чогулушкан. Ошондуктан Аль-Акса бул ар бир мусулмандын өзгөчө оруну.

Анткени, Алла Куранда түз (5 жолу) жана кыйыр түрдө (70тей жолу) Аль-Акса, Аль-Куддусту (Иерусалимди) жана жалпысынан Палестинаны эскерет. Ошондуктан Аль-Акса мечити мусулмандардын биринчи кыбыласы болгондугун жана ошондой эле Пайгамбарыбыз с.а асманга көтөрүлүүсү үчүн (Исра валь-Мираж) ал жерге алынып келингендигин ар бир ыймандуу мусулман адам билүүгө тийиш. Пайгамбарыбыз с.а анда “Сидратул Мунтаха” аттуу ыйык жерди зыярат кылган, пайгамбарлар менен сүйлөшкөн, ага Бейиш жана Тозок көрсөтүлгөн жана аны менен Алла Таала сүйлөшкөн.

Ыйык Аль-Акса мечити жер бетинде курулган Каабадан кийинки Алланын экинчи  үйү жана ошондой эле Палестинада (Ыйык Жерде) пайгамбарлар коюлган же жашашкан (алардын кээ бирлери булар – Аюб, Ибрахим, Лут, Исхак, Муса, Сулейман, Дауд, Закария, Ииса ибн Мариям (аларга Алланын тынчтыгы болсун). Ошондой эле Ыйык Палестина жери Пайгамбарыбыздын с.а.в көптөгөн сахабалары коюлган жер.

Биз бүгүнкү күндө жок кылуу коркунучуна туш болгон Аль-Кудс мечитин, сөзүбүз жана дубабыз менен болсо да сактоого жана коргоого болгон жоопкерчилигибизди сезишибиз керек. Биз акыйкаттык уламдан улам ачыкка чыгып жаткан учурда кайдыгер карап тура албайбыз. Биз Жараткан Алла Тааладан бардык мусулмандардын жүрөктөрүн бириктирүүнү жана Палестинадагы мусулман бир туугандарыбыздын абийирин, ар-намысын коргоп берүүнү суранабыз!

Эске салсак, 14-апрель ыйык Рамазан айынын акыркы жумасында – Эл аралык Аль-Куддус күнү катары белгиленип, дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришкен.

Бул күн 1979-жылы Ирандын Жогорку лидери Аятолла Хомейнинин демилгеси менен Палестина элине тилектештиктин белгиси катары жана алардын укуктары үчүн күрөштү колдоо максатында бекитилген.

Комментарий жиберүү