“Борбор Азия+Германия” саммити: Глобалдык чакырыктардын фонунда өнүгүүнүн жаңы перспективалары

Астанада “Борбор Азия+Германия” саммити аяктап, ал Борбордук Азия менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоодогу маанилүү этап болуп калды.

Акыркы жылдары популярдуулукка ээ болуп жаткан бул формат региондогу өлкөлөргө жана Германияга экономикалык өнүгүү болобу, энергетика же коопсуздук болобу, глобалдык чакырыктарга бирдиктүү мамиле жасоого мүмкүндүк берет.

Экономикалык демилгелер жана инфраструктуралык долбоорлор

Талкууланган негизги маселелердин бири транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү болду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азияны Европа менен Трансевропалык транспорт тармагы (TEN-T) аркылуу байланыштыра турган Ортоңку коридор боюнча ишти активдештирүүнү сунуштады.

Германия бул долбоорду колдоп, аны өнүктүрүүгө Global Gateway программасынын алкагында 10 миллиард евро бөлдү.

«Германиянын бул маршрутту Трансевропалык транспорт түйүнү менен байланыштыруудагы жардамына ишенебиз», – деп белгиледи Токаев.

Анын айтымында, бүгүн “Борбор Азия – Германия” форматындагы көп кырдуу кызматташтыктын тарыхында жаңы барак ачылууда.

“Германиянын социалдык-экономикалык, илимий-техникалык прогресси көптөгөн өлкөлөр үчүн жакшы үлгү. Немис технологияларынын жана инвестицияларынын экономиканын ар кандай тармактарына тийгизген оң таасирин ашыкча баалоо кыйын. Германиянын биздин аймактагы бардык өлкөлөр менен тең укуктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулуусун жогору баалайбыз. Муну Германиянын Социал-демократиялык партиясы кабыл алган «Борбордук Азия: көпүрөлөрдү куруу жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү» деген позициялык документ ырастайт”, деп баса белгиледи Казакстандын президенти.

Саммитте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбордук Азия өлкөлөрү менен Германиянын ортосунда аз көмүртектүү экономика жана “жашыл” суутек тармагында долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу үчүн “Энергетикалык диалог” түзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, ал Өзбекстандын экономикалык өнүгүүсүндө немис компанияларынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Siemens, BASF жана MAN сыяктуу өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү үчүн «жол картасын» иштеп чыгууну сунуштады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эң ири регионалдык долбоорлордун бири болуп кала турган Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна токтолду.

“Азыркы учурда биз өлкөдө ушул жана башка гидроэнергетикалык объекттерди куруу үчүн инвесторлорду жана технологияларды тартуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Албетте, ар бир ишкер тигил же бул өлкөгө каражат салуунун – инвестиция жасоонун алдында, өз салымдарынын экономикалык аспектилерин, мыйзамдарды, коопсуздук жана кепилдик маселелерин изилдейт”, – деди Жапаров.

Мындан тышкары, өлкө башчысы Европа менен Азиянын ортосундагы соода-логистикалык байланыштарды кеңейте турган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык маанилүү жана масштабдуу долбоорго токтолду.

“Анын ийгиликтүү ишке ашырылышы Азиядан Европага, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуунун географиясын кеңейтет. Германиялык бизнестин жаңы темир жол каттамын бойлото логистикалык борборлорду түзүүгө активдүү катышуусуна ишеним артабыз”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Суу ресурстары жана климат

Талкууда экология жана суу маселелери да негизги орунга чыкты. Казакстан Эл аралык Аралды куткаруу фондунун төрагасы катары Аралды сактап калууга багытталган долбоорлор боюнча кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

«Биздин оюбузча, фонддун ишмердүүлүгү аймактын туруктуу өнүгүүсүн жана гүлдөп өсүшүн камсыз кылуу үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Туруктуу айыл чарбасы үчүн аймактык борборду түзүү демилгеси өзгөчө актуалдуу. Бул демилгени бүгүнкү жыйындын бардык катышуучулары колдойт деп ишенем”, – деди Казакстандын лидери.

Бул сунуш Германиядан колдоо тапты, ал “жашыл” чөйрөгө өтүүдө жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүдө жардам көрсөтүүгө даяр.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон суу-энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү анын өлкөсү үчүн маанилүү бойдон кала берерин кошумчалады жана ал Тажикстандын энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы потенциалын белгиледи.

Ал ошондой эле саммиттин катышуучуларынын көңүлүн маданий-гуманитардык чөйрөдө, билим берүү жана экономиканын түрдүү тармактары үчүн кадрларды даярдоодо кызматташууну өнүктүрүүгө бурду.

Коопсуздук жана туруктуулук маселелери

Глобалдык геосаясий чакырыктардын фонунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери коопсуздук маселелерин да талкуулашты.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов немис компаниялары менен энергетика жана инфраструктура тармагында өнөктөштүктү бекемдөөгө басым жасап, мындай долбоорлор экономикалык өнүгүүгө гана эмес, аймактык стабилдүүлүккө да жардам берерин баса белгиледи.

Мындан тышкары, терроризмге, экстремизмге жана киберкылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, бул бардык мамлекеттердин аймактагы коопсуздукту камсыз кылууга умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбор Азия, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу эле, терроризм, экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана чек ара коопсуздугу сыяктуу коопсуздук чакырыктарына туш болуп жатканын билдирди.

“Биздин регион үчүн Афганистандагы туруктуулук жана коопсуздук маселеси да маанилүү бойдон калууда.

Бул жагынан алганда Германия катышуучусу болуп саналган Европа Биримдигинин линиясы боюнча программаларды активдүү ишке ашырууну улантуу маанилүү деп эсептейбиз. Биздин ресурстарды бириктирүү менен биз каршы туруу механизмдерин бекемдеп, өлкөлөрүбүздүн коопсуздугун жана туруктуулугун дагы да натыйжалуу камсыздай алабыз”, – деди Жапаров.

Казакстандын президенти мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстанга БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин алдыга жылдырууда ийгиликтерди каалады.

«Кыргызстан Борбордук Азияда жана анын чегинен тышкаркы аймактарда туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого олуттуу салым кошо алат деп ишенем», – деп баса белгиледи Токаев.

Жыйынтыктоочу декларация

Саммиттин жыйынтыгында биргелешкен декларацияга кол коюлуп: транспорттук жана энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү, суу ресурстары жана экология жаатындагы кызматташтык, ошондой эле глобалдык чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүү, анын ичинде коопсуздук маселелери сыяктуу бир катар макулдашууларды бекитти.

Германия Борбор Азия өлкөлөрүн туруктуу өнүгүү жолунда колдоого даяр экенин ырастаса, аймактын лидерлери Европа менен интеграцияны тереңдетүү каалоолорун билдиришти.

Ошентип, “Борбор Азия+Германия” саммити бул форматтын эки тарап үчүн стратегиялык маанисин тастыктады жана глобалдык чакырыктардын шартында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө негиз түздү.

Комментарий жиберүү