АКШ Конгресси Израилди сынга алды

Израиль Ливан боюнча бир катар жардырууларды жасап, эл аралык гуманитардык мыйзамды бузду. Бул аракеттер “Хезболла” кыймылына каршы багытталган.

Caliber.Az маалымдагандай, бул тууралуу АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Александрия Окасио-Кортес өзүнүн X (мурдагы Twitter) социалдык тармагындагы аккаунтунда билдирди.

“Израилдин бул чабуулу ачык жана так эл аралык гуманитардык укукту бузган жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кеңири жаңжалды болтурбоо аракеттерине шек келтирет”, – деп сындады конгрессмен.

Окасио-Кортес “Конгресске Ливандагы жардыруулар боюнча толук отчет керек”,- деп баса белгиледи, анын ичинде Мамлекеттик департаменттин “жардырууга себеп болгон технологияны иштеп чыгууда же жайылтууда Вашингтондон кандайдыр бир жардам болгонбу же жокпу” деген жообу да талап кылынды.

Комментарий жиберүү