Украинада атайын аскердик операция башталгандан бери өлкөдөн 2 миллиондон ашуун адам чыгып кетти.
Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди Твиттерден билдирди.
“Бүгүн Украинадан качкындардын агымы эки миллион адамга жетти. Эки миллион”, — деп жазган ал.
БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин маалыматы боюнча, Польшага 1,2 миллиондон ашуун адам, Венгрияга 191 миңден ашуун, Словакияга 140 миң, Орусияга 99 миң, Молдовага 82 миң, Румынияга 80 миңден ашуун адам кетсе, башка европа өлкөлөрүнө – 200 миңден ашык адам чыгып кеткен.
Гранде буга чейин Украинадан качкандардын санынын өсүүсүн “Экинчи Дүйнөлүк Согуштан берки Европадагы эң тездик менен өсүп жаткан миграциялык кризис”деп атаган.
Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февраль күнү эртең менен баштаган. Операциянын максаты – Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, Донбасстын геноцидге дуушар болгон карапайым калкын коргоо болуп саналат.
Ошол эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялаган.
Эки тараптын делегацияларынын согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы Беларустун Гомель облусунда өтүп, тараптар жетекчилери менен кеңешүү үчүн таркашкан. Экинч жолугушуу Беларустун Брест облусунда өтүп, тараптар гуманитардык коридорлорду түзүүнү макулдашкан.
7-мартта тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы өтүп, делегация өкүлдөрү коопсуздук коридорлорун түзүү жаатында айрым жылыштарга жетишишкен.