Бүгүн Тегеранда Ирандын КСИР күчтөрүнүн сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Ислам революциясынын сакчыларынын шейиттери Мортеза Саиднежад менен Эхсан Кербалаи-Пурдун ыйык сөөктөрүн жерге берүү зыйнаты бүгүн бейшемби, 10-март Тегерандын Сепах аянтында жайгашкан Фатеме Захра Хосейнияда өткөрүлдү.
Эл менен коштошуу зыйнаты саат 16:00дөн 18:00гө чейин шейит болгон Ахваз элинин катышуусунда өттү.
Белгилей кетсек, шейит Мортеза Саиднежад жана шейит Эхсан Кербалаи-Пур 7-мартта, сионисттик режимдин Сириянын Дамаск шаарынын чет жакаларына ракеталык чабуулунан шейит болушту.
Шейит Мортеза Саиднежаддын элесине эки бала жана шейит Эхсан Кербалаи-Пурдун элесине үч бала калды.