Быйылкы ажылык сапарына каттоо 24-январда башталат

 2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан тарта башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт.

“Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын “РСК банкынын” иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек”, – деп айтылат маалыматта.

Муфтияттан 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң АКШ долларын төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарыла тургандыгын эскертишти.

“Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 жаран кезекте турат.

Белгилей кетсек, Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлгөн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *