Венесуэла Газаны толук блокадалоону геноцид деп атады

Израилдин Газа секторун толугу менен блокадага алуусу геноцид, эл аралык коомчулук өз жерине жана өнүгүүгө укугу бар Палестинанын укуктарын коргоо үчүн биригиши керек.

Бул тууралуу Венесуэланын аткаруучу вице-президенти Дэлси Родригес VTV телеканалынын эфиринде билдирди.

9-октябрда Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесин толук блокадага алуу чечимин жарыялады. «Электр жарыгы, суу, күйүүчү май — баары жабылат», — деген ал.

Ошол эле күнү бир нече сааттан кийин Израилдин энергетика министри Исраэль Кац Газага суу берүүнү  токтотууга буйрук бергенин жарыялады. Ал электр энергиясын жана күйүүчү май берүү бир күн мурун, 8-октябрда токтотулганын тактаган.

«Ушул тапта Газа тилкесинде электр жарыгы өчүрүлгөн, электр станциясы иштебей турат. Гуманитардык жардам өткөрүлбөй, суу жана электр энергиясы сыяктуу негизги кызматтарга жетүү бөгөттөлүп бүткүл дүйнөнүн көз алдында геноцид жасалып жатат. Биз Палестина элинин укуктарын четке каккан жана олуттуу түрдө бузган медиа машинага, сионисттик көз карашка каршы биригишибиз керек», — деди Родригес.

Анын айтымында, Каракас учурда болуп жатан жаңжал «көп тараптуу мейкиндикте өзүн кантип орнотууну, Палестинанын тарыхый укуктарын кантип натыйжалуу ишке ашырууну таба албаган Палестина элинин ондогон жылдар бою топтолгон көңүл калуусунун натыйжасы деп эсептейт.

«Өзүнүн аймагына, өзүнүн жерине укугу бар, өнүгүүгө, тынчтыкка укугу бар эл ондогон жылдар бою эзилип, ондогон жылдар бою кемсинтилди. Ондогон жылдар бою адам өлтүрүүлөр, кыргындар болду – балдар түрмөгө ыргытылды, балдар өлтүрүлдү. Палестиналык баланын өмүрү израилдик баланын өмүрү менен барабар, израидик баланын өмүрү палестиналык баланын өмүрү менен барабар. Бүгүн биз зордук-зомбулукту токтотууну суранабыз», — деп кошумчалады Венесуэланын вице-президенти.

Родригес Каракас Палестина мамлекетине, эки мамлекет чечимине карата Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларын урматтоого жана Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору катары урматтоого чакырат деди.

Буга чейин БУУ Израилдин Газа тилкесин блокадага алуусуна тынчсыздануусун билдирген. Уюм жай тургундардын өмүрүн тобокелге салган блокада эл аралык укукту жана адам укуктарын бузуу экенин эске салган.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо боюнча кеңсесинин өкүлү Йенс Лаерке Израиль бийлигини Газа тилкесине суу берүүнү токтотуу чечими бул аймакта ичүүчү суунун кескин тартыштыгына алып келерин билдирген.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин аракеттеринин натыйжасында Газанын медициналык мекемелеринде дары-дармек жана башка керектүү буюмдар, ошондой эле күйүүчү май жетишсиз болуп жатканын мурда эскерткен.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Тюрк Газа тилкесин толук масштабдуу блокадага алуу кабыл алынгыс экенин жана эл аралык гуманитардык укукту бузат деп билдирген.

«Жай тургундардын жашоосу үчүн зарыл болгон товарларга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, алардын өмүрүн тобокелге салган блокадага эл аралык гуманитардык укук тарабынан тыюу салынган», — деген Тюрк.

Палестина-Израиль жаңжалынын курчушу 

7-октябрда палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы «Аль-Акса топон суусу» аскердик операциясын жарыялап, өлкөгө ракеталык чабуул жасай баштаган. Бир эле учурда ХАМАСтын аскерлери жүк ташуучу унаалар, мотоциклдер жана парапландар менен Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына басып кирип, бир нече адамды туткунга алышкан.

Мындан улам Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнү согуш абалында деп жарыялап, ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштап, Газа секторуна абадан сокку уруп жатат.

ХАМАСтын аскерий канатынын башчысы Мохаммед Дейфтин айтымында, кыймыл Израилге 5 миң ракета учурган (Израилдин Коргоо күчтөрүнүн эсептөөлөрү боюнча, Газа тилкесинен кеминде 2,2 миң ракета атылган).

10-октябрда Израилдин Коргоо армиясы ХАМАСтын күчтөрү басып алган бардык конуштарды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесин толук блокадалоого буйрук берди. Учурда Израиль Газа тилкесиндеги объекттерге, анын ичинде жарандык объекттерге абадан сокку урууда.

Израилде каза болгондордун саны 1200дөн ашканын Times of Israel басылмасы маалымдады. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 1100гө жетип, 5000дей жаран жаракат алды.

Комментарий жиберүү