Палестина Израиль тыюу салынган фосфор колдонуп жатканын билдирди. Видео

Израилдин аскерлери Газа тилкесинде ак фосфору бар ок-дарыларды колдонгонун Палестинанын Тышкы иштер министрлиги X социалдык тармагында билдирди.

«Израилдик оккупациялык күчтөр Газа тилкесинин аль-Карама аймагында палестиналыктарга каршы эл аралык конвенциялар менен тыюу салынган ак фосфорду колдонду», — деп айтылат билдирүүдө.

Израилдин ак фосфор колдонуп жаткан видеолор жарыяланды

https://ria.ru/services/video/embed/1901866527-1901863291.html

Ак фосфордун күйүү температурасы 1200-1300 градус. Бул зат кийимди дароо күйгүзүп, катуу күйүк жаратат. Күйүү өтө уулуу түтүндүн чыгышы менен коштолот. Ак фосфорду өчүрүүгө өрт өчүргүчтөрдүн күчү жетпейт, зат же өзү күйүп бүтөт, же кычкылтек жок болсо өзү өчөт. Фосфордук снаряддарга кадимки куралдардын конкреттүү түрлөрүн колдонууга тыюу салуу же чектөө жөнүндө конвенция тарабынан тыюу салынган.

Палестина-Израиль жаңжалынын курчушу 

7-октябрда палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы «Аль-Акса топон суусу» аскердик операциясын жарыялап, өлкөгө ракеталык чабуул жасай баштаган. Бир эле учурда ХАМАСтын аскерлери жүк ташуучу унаалар, мотоциклдер жана парапландар менен Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына басып кирип, бир нече адамды туткунга алышкан.

Мындан улам Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнү согуш абалында деп жарыялап, ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштап, Газа секторуна абадан сокку уруп жатат.

ХАМАСтын аскерий канатынын башчысы Мохаммед Дейфтин айтымында, кыймыл Израилге 5 миң ракета учурган (Израилдин Коргоо күчтөрүнүн эсептөөлөрү боюнча, Газа тилкесинен кеминде 2,2 миң ракета атылган).

10-октябрда Израилдин Коргоо армиясы ХАМАСтын күчтөрү басып алган бардык конуштарды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесин толук блокадалоого буйрук берди. Учурда Израиль Газа тилкесиндеги объекттерге, анын ичинде жарандык объекттерге абадан сокку урууда.

Израилде каза болгондордун саны 1200дөн ашканын Times of Israel басылмасы маалымдады. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 1100гө жетип, 5000дей жаран жаракат алды.

Комментарий жиберүү