Вьетнамда тайфун көпүрөнү кулатып, транспорттор жана адамдар дарыяга агып кетти 

Өткөн дем алыш күндөрү Вьетнамдын түндүк райондорун каптаган «Яги» тайфуну токтой элек.

Дүйшөмбү күнү Пху Тхо провинциясында автомашина  көп каттаган Фонг Чау табигый кырсыкка туруштук бере албай урап түшүп, 10 унаа жана эки скутер Хонг Ха дарыясына кулап түштү. Үч адам куткарылып, 13 адам дайынсыз болууда, деп маалымдайт жергиликтүү бийлик.

Узундугу 375 метр болгон көпүрө толугу менен урап калган жок, бирок аба ырайынын начар шартында калыбына келтирүү иштери тууралуу сөз жок. Аскерлерге тез арада калкыма көпүрө куруу тапшырмасы берилди.

«Яги» тайфунунун  ылдамдыгы саатына 203 километрге жетип, быйылкы Азиядагы эң күчтүү циклон болууда.

Акыркы эки күндүн ичинде ал 60тан ашуун адамдын өмүрүн алды. Тайфундан пайда болгон жер көчкү жана суу ташкындарынан кеминде 44 адам каза болду.

Түндүк Вьетнамдын 1,5 миллионго жакын тургуну электр жарыгысыз калды.

Азыр «Яги» өлкөнүн батыш тарабына жылып баратат. Синоптиктердин айтымында, ал бир аз басаңдап, бирок сел жана жер көчкү коркунучу жогору бойдон калууда.

Вьетнамдын жээктеги шаарларынан дээрлик 50 миң адам эвакуацияланды. Бийликтер жашоочуларды азырынча үйгө кирбөөнү эскертишти.

Түндүктөгү 12 провинцияда, анын ичинде Ханойдо мектептер убактылуу жабылды.

Вьетнамга сокку урганга чейин  «Яги» Кытайдын түштүк провинцияларында жана Филиппинде болду. Бул өлкөлөрдө жалпысынан 24 адам каза болгон.

Окумуштуулар климаттын өзгөрүшү тайфундарды жана бороондорду күчтөндүрүп, тез-тез жана узакка созулуп жатканын эскертишүүдө. Алардын айтымында, аба ырайынын аномалиялары учурунда шамалдын ылдамдыгы океандагы суунун жылышы менен байланыштуу.

Жылуураак атмосфера дагы нымдуулукту кармап, бул дагы катуу жаан-чачынга алып келиши мүмкүн.

Комментарий жиберүү