Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян Россияга жөнөп кетти. Ал 10-12-сентябрда Санкт-Петербургда өтө турган БРИКС жана БРИКС+ өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелерин тейлеген жогорку өкүлдөрүнүн он төртүнчү жолугушуусуна катышат.
Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Ахмадиян Санкт-Петербургга шейшемби күнү россиялык кесиптешинин чакыруусу менен жөнөп кетти.
Россия тарап менен жолугушууда өзгөчө көңүл Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү кырдаалга жана экономикалык, саясий жана коопсуздук чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкка бурулат.
Бул саммитте БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн жыйынынан тышкары, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен түштүктөгү кээ бир өлкөлөрдүн анын ичинде Индонезия, Түркия, Казакстан, Сербия, Таиланд, Беларусь, Вьетнам, Венесуэла, Өзбекстан, Никарагуа, Куба, Азербайжан, Бахрейн, Бангладеш, Шри-Ланка, Мавритания жана Лаостун жогорку деңгээлдеги коопсуздук өкүлдөрүнүн биргелешкен жыйыны да болот.
Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы бул эки жолугушуунун алкагында айрым кесиптештери менен өзүнчө жолугушууларды өткөрөт.
Салт боюнча, БРИКС саммитинин алдындагы мындай жолугушууларда улуттук, аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле бул форумдардын катышуучу-мамлекеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланат.
Жолугушуу Россиянын БРИКСтеги төрагалыгынын алкагында өтөт. Буга чейинки, XIII жолугушуу Йоханнесбургда (Түштүк Африка) 2023-жылдын июль айынын аягында өткөн.
БРИКСтин курамына Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирет. БРИКС+ бириктирген мамлекеттер дүйнө калкынын 46%ын түзөт (жалпысынан 8,1 млрд).