Газада Израилдин чабуулдарынан каза болгон палестиндердин саны 37 миңден ашты

Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери жасаган соккуларынан каза болгон палестиндердин саны 37 626га жеткенин Газанын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

“7-октябрдан бери Израилдин агрессиясынын курмандыктарынын саны 37 626га жетип, 86 098 адам жарадар болду”, – деп айтылат анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле кыйраган имараттардын урандыларынын астында жана жол жээктеринде да сөөктөр бар экени, аларга тез жардам жана жарандык коргонуу топтору Израиль күчтөрүнүн тоскоолдуктарынан улам жете албай жатышканы кошумчаланат.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы сутка ичинде Израиль армиясынын аракеттеринен улам  28 адам мерт болуп, 66сы жаракат алган.

Палестина-Израиль жаңжалы

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса Топон суусу» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасады. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип,  200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жайт тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштады. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштады. Израиль андан сырткары,  Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштаган. Анклав гуманитардык катастрофаны башынан кечирүүдө. Жардам жеткирүү кыйынчылыгынан жана мүмкүн болбогондуктан, тамак-аш, таза суу жана дары-дармектин жетишсиздиги курч болууда. Газанын 2,3 миллион тургуну тынымсыз бомбалоо, аткылоо жана аскерий чабуулдар астында блокада шарттарында күн кечирүүгө аргасыз болушууда.

Комментарий жиберүү