Россия ТИМи Түндүк Корея менен түзүлгөн келишимди эскертүү деп атады

Россия менен КЭДРдин ортосундагы келишим аймактын көйгөйлөрүн аскердик жол менен чечүүнү пландаган өлкөлөр үчүн эскертүү болуп саналат, келишим Түштүк Кореяга же үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес.

Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

«Бул келишим жарым аралдын жана бүтүндөй аймактын көйгөйлөрүн аскерий жол менен чечүүнү күткөн же пландаштырып жаткан өлкөлөр үчүн кандайдыр бир эскертүү», – деди ал.

Руденко Россия бул келишим Түштүк Кореяга да, үчүнчү өлкөлөргө да каршы багытталган эместигин, ал Түндүк-Чыгыш Азия чөлкөмүндөгү ансыз да оор кырдаалды бузууга багытталган эмес деп бир нече жолу баса белгилегенин билдирди.

Анын айтымында, субрегиондогу чыңалуунун негизги булагы Корей жарым аралындагы абалдын оорчулугунан пайдаланып, (Түндүк-Чыгыш Азия – ред.) регионунда өздөрүнүн аскердик катышуусун тынымсыз көбөйтүп жатышкан Кошмо Штаттардын саясаты болуп саналат.

Эске салсак, өткөн аптада Россия менен Түндүк Корея Владимир Путин менен Ким Чен Ындын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине, саламаттыкты сактоо, медициналык билим берүү жана илим тармагында кызматташуу боюнча келишимге, ошондой эле эки өлкөнүн чек арасындагы Туманная дарыясы аркылуу автокөпүрөнү куруу боюнча келишимге кол коюшкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Путин КЭДР менен аскердик-техникалык кызматташууну жокко чыгарбасын билдирген.

Путин кийинчирээк КЭДР менен түзүлгөн келишимде согуштук агрессия болгон учурда өз ара жардамдашуу каралганын билдирген.

Буга чейин Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын жогорку даражалуу дипломаттары Россия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгын кеңейтүүсүн айыпташып, ал Корей жарым аралындагы тынчтык жана туруктуулук жана ядролук куралды жайылтпоо режими үчүн кооптонууну жаратышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Комментарий жиберүү