Иран Дагестандагы терактты иликтөөгө жардам бериши мүмкүн

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Иран бийлиги зарыл болсо Дагестандагы терактты иликтөөдө Россияга жардам берет деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу Руденко РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.

“Эгерде ушундай муктаждык жаралса, Ирандагы досторубуз бизге керектүү жардамды көрсөтөт деп ишенем. Ал эми терроризмге каршы чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүлөрүбүз атайын кызматтар аркылуу да, Коопсуздук Кеңеши аркылуу да ийгиликтүү өнүгүп жатат”, – деди ал.

23-июнь күнү кечинде белгисиз куралчан адамдар Дагестандын эки шаарына кол салышкан. Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында чиркөө менен синагоганы аткыланып, диний жай өрттөнүп кеткен. Андан сырткары, Сергокала айылында полициянын унаасы аткыланган. Кол салуудан 21 киши көз жумду. Алардын арасында чиркөөнүн кызматкери менен кароолчусу, синагоганын күзөтчүсү, ошондой эле полиция кызматкерлери жана жай тургундар бар. Ошондой эле 40тан ашуун киши жаракат алган.

Дагестанда үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланып, окуя боюнча “Теракт” беренеси менен иш козголгон. Коопсуздук күчтөрү беш согушкерди жок кылган. Алардын өздүктөрү аныкталган.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Насер Канаани Дагестандагы адам өмүрүн алган терактка байланыштуу Россиянын өкмөтүнө жана элине көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган.

Ал кол салууну айыптап, терроризмге каршы күрөштө эл аралык коомчулуктун натыйжалуу аракеттери зарыл экендигин билдирген.

Комментарий жиберүү