Газада коопсуз жер калган жок. БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын билдирүүсү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Израилдин Рафахтагы акыркы кылмышы тууралуу комментарий берип жатып, Газада коопсуз жай калбаганын билдирди.

Ал жекшембиге караган түнү Рафахтагы чатырлар лагерине жасалган сокку Газа тилкесинде коопсуз жай жок экенин дагы бир жолу далилдегенин айтып, качкындар лагериндеги палестиналыктардын өлтүрүлүшү үрөй учурарлык экенин билдирди.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай Коому өткөн жекшемби күнү кечинде Израилдин аба күчтөрүнүн Рафахта баш калкалаган чатырлар лагерине жасаган соккусунда көптөгөн адамдар өлүп, жарадар болгонун кабарлаган. Палестинанын жарандык коргонуу кызматы кол салууда кеминде 41 киши өлүп, ондогон киши жарадар болгонун билдирди. Анын ичинде аялдар жана балдар да бар.

Израилдин бул адамгерчиликсиз чабуулун бир катар өлкөлөр, уюмдар айыптады. Алардын арасында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да бар. БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттиги (UNRWA) аны үрөй учурарлык деди.

Палестиналык ХАМАС жана “Ислам жихад” кыймылдары Израилдин бул кылмышын БУУнун Эл аралык сотунун соңку Рафахтагы ок атууну токтотууга милдеттендирген чечимин четке кагуу жана кемсинтүү катары баалашты.

Өткөн жума күнү БУУнун Эл аралык соту Израилди Газа тилкеси менен Египеттин чек арасындагы Рафах шаарындагы аскерий операциясын токтотууга милдеттендирген.

Ага ылайык, жөөт мамлекети Рафахтагы аскерий чабуулун токтоосуз токтотуп, палестиналыктарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн “Рафах” өткөрмө пунктун ачык кармоосу керек. Мындан тышкары, Израиль геноцид жөнүндөгү билдирүүлөрдү иликтөөгө фактыларды аныктоочу миссияларга, тергөөчүлөргө жана журналисттерге далилдерди чогултуу үчүн алардын Газа тилкесине тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу үчүн чараларды көрүшү керек.

Буга чейин Израилди Эл аралык соттун чечимин тез арада аткарууга жана Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарындагы аскердик операцияны токтотууга Нидерланд өлкөсү чакырган.

Комментарий жиберүү