Папуа-Жаңы Гвинеяда жер көчкүдөн кийин 2000ден ашык адам уранды астында калды

Папуа-Жаңы Гвинеянын бийлиги 24-майда болгон  жер көчкү “2000ден ашык адамды тирүүлөй көмүп калды” деп эсептейт. Өлкө тарыхындагы эң ири табигый кырсык Энга провинциясындагы Ямбали айылында болду.  Бул тууралуу Associated Press жана Reuters БУУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча Улуттук борборунун катына шилтеме берип билдирди.

Бул маалыматтар БУУнун 26-майдагы маалыматынан үч эсе көп, анда 670 адам каза болгондугу маалымдалган. БУУнун баалоосу Энга провинциясынын Ямбали кыштагынын бийлигинин маалыматына негизделгенө, алар алгач 60, андан кийин 150дөн ашык үй көчкү астында калгандыгын билдиришкен.

Маалымат агенттиги жабыркаган райондогу калктын санын аныктоо кыйын экендигин белгилейт, анткени Папуа-Жаңы-Гвинеядагы акыркы эл катоо 2000-жылы жүргүзүлгөн.

БУУнун Папуа-Жаңы Гвинея боюнча мигранттардын иши боюнча миссиясынын башчысы  Серхан Актопрак уюм “өкмөттүн маалыматын жокко чыгара албайт, бирок түшүндүрмө да бере албай тургандыгын” билдирди.

Папуа-Жаңы Гвинеянын премьер-министри Джеймс Марапенин кеңсеси журналисттердин каза болгондор тууралуу маалыматы эмнеге негизделгендигин түшүндүрүп берүү тууралуу  суроосуна  жооп берген жок.

Энга провинциясында 24-майга караган түнү жер көчкү болгон. Жергиликтүү жашоочулар күрөк жана таяктын жардамы менен урандыны тазалоо иштерин улантууда.  Биринчи оор техника 26-майда гана барган. Урандыдан алты адамдын денеси чыгарылган.

Комментарий жиберүү