Нидерланд Израилди эл аралык соттун чечимин тез арада аткарууга жана Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарындагы аскердик операцияны токтотууга чакырат, деп жазды Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте X социалдык тармагындагы баракчасына.
Өткөн жума күнү БУУнун Эл аралык соту Израилди Газа тилкеси менен Египеттин чек арасындагы Рафах шаарындагы аскерий операциясын токтотууга милдеттендирген. Ага ылайык, жөөт мамлекети Рафахтагы аскерий чабуулун токтоосуз токтотуп, палестиналыктарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн “Рафах” өткөрмө пунктун ачык кармоосу керек. Мындан тышкары, Израиль геноцид жөнүндөгү билдирүүлөрдү иликтөөгө фактыларды аныктоочу миссияларга, тергөөчүлөргө жана журналисттерге далилдерди чогултуу үчүн алардын Газа тилкесине тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу үчүн чараларды көрүшү керек.
“Нидерланд Израилди Эл аралык соттун чечимин тез арада аткарууга чакырат”, – деп айтылат Рюттенин билдирүүсүндө.
Нидерланддык премьердин айтымында, израилдик аба күчтөрдүн Рафахтын жанындагы жер которгондор лагерине жасаган соккусунун кесепеттерин чагылдырган “үрөй учурган кадрлар” анклавда ок атууну токтоосуз токтотуу жана Газадагы бардык барымтадагыларды бошотуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгилейт.
Израилдин аракеттерин Нидерланддын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ханке Брюинс Слот да айыптап, дагы бир жолу ок атууну токтоосуз токтотууга чакырды.
“Рафахтагы чатыр лагерине кол салуудан кийин көп сандаган жайкын тургундардын курман болгондугу тууралуу маалыматтар үрөй учурарлык”, деп белгиледи ал X баракчасынан.
Палестинанын Кызыл Жарым Ай Коому өткөн жекшемби күнү кечинде Израилдин аба күчтөрүнүн Рафахта баш калкалаган чатырлар лагерине жасаган соккусунда көптөгөн адамдар өлүп, жарадар болгонун кабарлаган. Палестинанын жарандык коргонуу кызматы кол салууда кеминде 40 киши өлүп, ондогон киши жарадар болгонун билдирди.
Израиль армиясынын аскерий прокуратурасы чатырлар лагери жайгашкан Рафах аймагындагы аба соккусу боюнча иликтөө баштаганы маалымдалган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху окуяны “кайгылуу окуя” деп атады.
Израилдин соккусун БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да айыптаса, уюмдун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттиги (UNRWA) аны үрөй учурарлык деди.