Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус X социалдык тармагында Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына толук масштабдуу басып кирүүсү “гуманитардык катастрофага” алып келерин айтты.
Гебрейесус куралдуу кагылышууга катышкан тараптарды “ок атууну токтотууга жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө” чакырды.
“Рафахка кеңири масштабдуу басып кирүү гуманитардык катастрофага алып келет. Биз Израилди мындай кадамга барбоого чакырабыз”, – деп жазган ДСУнун башчысы.
Шейшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагыларды бошотуу боюнча ХАМАС менен келишимге жетишилбегенине карабастан Израиль армиясы Рафах шаарында операция жүргүзөрүн айтып, бардык максаттар ишке ашырылмайын Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес деп билдирди.