Европарламенттин депутаттары Евробиримдиктин Кеңешинен адам укуктарын одоно бузган казак аткаминерлерине каршы санкцияларды киргизүүнү жана Казакстандагы болгон тополоң боюнча Эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.
Бул тууралуу Казакстандагы соңку нааразылык акциялар жана башаламандыктарга байланыштуу бул өлкөдөгү адам укуктарын коргоонун абалы боюнча жарыяланган Европарламенттин резолюциясынын акыркы долбооруна таянуу менен РИА Новости жарыялады.
“Европарламент Евробиримдиктин Кеңешин 2022-жылдын январь айындагы нааразылык акциялар учурундагы олуттуу мыйзам бузуулар үчүн Казакстандын жооптуу жогорку кызмат адамдарына жеке санкцияларды колдонууга чакырат”,-деп айтылат документте.
Уюмдун резолюциялары декларативдик негизде болгондуктан, аны аткаруу милдеттүү эмес. Бирок ЕБ институттары жана Европа өлкөлөрү ал сунушту эске алат.
Алар адам укуктарынын одоно бузулушу боюнча жакында Евробиримдик тарабынан жактырылган глобалдык санкциялык режимди эске салып, ал документ дүйнө жүзү боюнча мындай мыйзам бузуу иштерине катышкандарды жоопкерчиликке тартууга жол ачат деп эсептешет.
Европарламенттин депутаттары мындан сырткары, Евробиримдикти “Алматыда жана өлкөнүн башка аймактарында дайынсыз жоголгондор, кыйноолор менен негизсиз камоолорго кабылгандар, снайперлердин огунан өлгөн адамдар, тынчтык митингге чыккандар, анын ичинде жашы жете электердин жарат алгандары” боюнча тыкыр иликтөөлөрдү жүргүзүүгө чакырышат.
Мындан сырткары, ЕП казак бийлигин кырдаалды жеринде баалоо үчүн БУУ жана ЕККУнун эксперттерин чакырууга үндөдү.
Ошол эле учурда, бул окуяларга көңүл бурбай жатканы жана журналисттерге кол салуулар боюнча унчукпай келгени үчүн ЕККУну айыптады.
Казакстанда массалык нааразылык акциялары ушул жылдын алгачкы күндөрү суюлтурган газдын баасынын кымбаттаганына байланыштуу Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында башталып, кийинчерээк ал башка шаарларга жана облустарга жайылган.
Мындан улам бийлик газдын баасын түшүрүп, өкмөт курамын толук отставкага кетирген. Ал эми өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, антитеррордук операция баштаган. БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, тополоңдун натыйжасында 4578 адам жарадар болуп, 225 адам каза болгон, анын ичинен 19у коопсуздук кызматкерлери.
Тополоңду басууга президент Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин өзү жетектеп, ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Кийинчерээк Токаев террорчулар, анын ичинде чет өлкөдөн келгендер да каршылык көрсөтүүнү улантып жатканын айтып, куралын таштабагандарды жок кылууга буйрук бергенин билдирген.