Коронавирустун белгилерин териден да байкоого болот

Коронавирус тери ооруларын күчөтүшү мүмкүн.

Бул тууралуу орусиялык врач-онкодерматолог Екатерина Вертиева билдиргенин маалымат каражаттары жазышты.

Адис “омикрон” же “дельта” сыяктуу коронавирустун ар кандай штаммдарында бирдей дерматологиялык симптомдор байкалганын айтты.

“Коронавирус учурунда бизде эң көп кездешкен бул – уулуу эритема болду. Бул териде кеңири жайылган көк тактардын пайда болушу. Ооздун былжыр челинин жабыркашы же башкача айтканда, ооздо ыйлаакчалар да пайда болушу мүмкүн. Бирок, бул сейрек кездешет. Негизинен териде көк түстөгү тактар пайда болду”, – деди Вертиева.

Ошондой эле, дарыгердин айтымына караганда, коронавирус тери ооруларынын курчушуна алып келиши мүмкүн. Ал практикада псориаздын күчөшүн же биринчи жолу башталып жатканын көргөнүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, илдет менен жабыркаган бейтаптарда витилиго менен атопиялык дерматиттин күчөгөнү да байкалган.

Адис ошондой эле сейрек учурларда COVID-19 менен ооругандарда теринин тамыры (васкулит) жабыркашы мүмкүн экенин кошумчалады.

Комментарий жиберүү