Раиси: НАТО террорчуларды Борбор Азияга жайгаштырууну пландоодо (видео)

Ирандын президенти НАТО көз карандысыз мамлекеттердин ичиндеги кырдаалды туруксуздаштырууга жана алардын экономикасын бузууга аракет кылууда деп эсептейт

НАТО террорчуларды Борбор Азияга жайгаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу Ирандын президенти Ибрахим Раиси Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы жыйында билдирди.

“Аларда террорчуларды Кавказдан баштап Борбор Азияга чейин ар кандай миссияларга жөнөтүү боюнча өтө татаал пландар бар”, – деп баса белгиледи ал.

Иран президентинин айтымында, НАТОнун негизги максаты – эгемендүү өлкөлөрдү ичинен алсыратуу. Ошондуктан альянс экономикалык санкцияларды киргизип, андагы кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылууда. НАТО башка мамлекеттерге коргоо шылтоосу менен кирүүдө.

“Батыш моделин жайылтуу, көз карандысыз демократияга каршы чыгуу, элдердин өзүн-өзү идентификациялоосуна каршы чыгуу – дал ушулар альянстын күн тартибине кирет”, – деди Раиси.

Ал мындай аракеттер НАТОнун таркашына алып келерин белгиледи.

Мындан тышкары, Иран президенти Москва менен Тегеран эки өлкөнүн ички иштерине сырттан кийлигишүүгө каршы жана эки тараптуу кызыкчылыктарды натыйжалуу ишке ашырууга аракеттерди бириктирүүсү керек экенин билдирди.

Раиси Орусиянын Кытай, Пакистан жана Түркиянын лидерлери менен коопсуздук конференцияларын өткөрүү боюнча умтулуусун колдоду.

Ал ошондой эле Иран өзөктүк курал жасоо менен алектенбей турганын, анткени бул республиканын коргонуу стратегиясында каралбаганын белгиледи.

Батыш Иранга каршы санкцияларды “эффективдүү жана олуттуу” алып салса, өлкө өзөктүк келишим боюнча келишимдерге жетишүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Раиси 19-январда Орусиянын президенти Владимир Путин менен биринчи жеке жолугушуусун өткөргөн. Мамлекет башчылары ар түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты.

Комментарий жиберүү