Египетте археологдор суу астынан фараондордун сүрөттөрүн табышты. Сүрөт

Ачылыш Асуандагы Нил дарыясында суу астында биринчи жолу жасалган фотоархеологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө жасалды.

Археологдор Египеттин түштүгүндөгү Асуан провинциясында суу астынан Жаңы жана Кеч Падышалыктын бир нече фараондорунун сүрөттөрүн табышканын өлкөнүн Туризм жана байыркы эстеликтер министрлиги билдигенин РИА Новости агенттиги жазды.

“Египет-француз биргелешкен археологиялык миссиясы Аменхотеп III, Тутмос IV, Псамметих II жана Апрус фараондорунун жазууларын жана анча чоң эмес сүрөттөрүн табышты”, — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, ачылыш Асуандагы Нил дарыясында суу астында биринчи жолу жүргүзүлгөн фотоархеологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө жасалды. Изилдөөнүн максаты Асуан плотинасынын жанындагы Нилдеги аскага тартылган сүрөттөр болгон.

Маалым болгондой, археологиялык миссия суу астындагы археологиялык изилдөөлөрдө бардык заманбап жабдууларды колдонгон.

Министрлик миссия азыр Нилден табылган сүрөттөрдүн 3D моделдерин түзүү үстүндө иштеп жатканын баса белгиледи.

Комментарий жиберүү