ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн министрлери Минсктеги саммитте эмне тууралуу сүйлөшүп, кандай чечимге келишти?

22-ноябрда КР Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Минск шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына катышты.

КР Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарындагы аскердик-саясий кырдаал жана сессиялар аралык мезгилдеги Уюмдун ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

2024-жылдын 1-январынан тартып ЖККУга төрагалык кылуу Казакстанга өткөндүгүнө байланыштуу, казак тарап келерки жылдагы ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырды.

Биргелешкен жыйындын жыйынтыгында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин “Жаңы аскердик-саясий шарттарда евразиялык мейкиндиктин коопсуздугун камсыздоого карата мамиле жөнүндө” билдирүүсү кабыл алынды жана Уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого боюнча, ошондой эле кадр жана каржы маселелери тууралуу бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында Минск шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумунун мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталган документтердин долбоорлору жактырылды.

Sputnik Беларусь маалымдагандай, жолугушуунун жыйынтыгында аскердик-саясий чөйрөдө, атап айтканда, ЖККУ өлкөлөрүнүн тынчтык орнотуучу контингенттерине, ошондой эле ЖККУнун маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган кошумча чараларга тиешелүү жалпысынан 20га жакын документке кол коюлду.

ЖККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери евразиялык мейкиндиктин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бирдиктүү мамиле жөнүндө билдирүү кабыл алышты, деп билдирди Беларустун тышкы иштер министри Сергей Алейник.

Мындан тышкары, ЖККУ мамлекеттери Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотууну жактап чыгышты. Алейниктин айтымында, Минсктеги жолугушуунун катышуучулары кризисти БУУнун резолюцияларынын негизинде эки мамлекет түзүү жолу менен чечүү керек деген пикирге келишти.

Комментарий жиберүү