Садыр Жапаров Минскте Александр Лукашенко менен жолукту. Видео

Президент Садыр Жапаров кечээ, 22-ноябрда, Минск шаарында Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты.

Жапаров менен Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Минск шаарына иш сапары менен кечээ, 22-ноябрдабарган.

Аны Минск Улуттук аэропортунан Беларустун Премьер–министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алган. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Минск шаарына келди *****🎥Видео: Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Минск

Комментарий жиберүү