Садыр Жапаров Баку шаарында Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баку шаарына болгон иш сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кеңири баарлашуу болуп, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары арттыруунун келечеги талкууланды.

Кыргыз делегациясы менен саламдашып жатып, Ильхам Алиев Садыр Жапаровго алдыда боло турган БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын мамлекет башчыларынын Саммитине катышууга чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Азербайжандын президенти белгилегендей, эки тараптуу мамилелердин динамикасы Кыргызстан менен Азербайжандын элдеринин бири-бирине канчалык жакын экенин ачык көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө эки мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык саясат жана башка бир катар актуалдуу маселелер чечилүүдө.

Баарлашуунун жүрүшүндө Ильхам Алиев өзүнүн Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарын жылуу эскерип, эми келерки жылы президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга жооп иретинде мамлекеттик сапарын күтүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров акыркы жылдары мамлекеттер аралык мамилелер болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин канааттануу менен белгиледи. Кыргызстан стратегиялык өнөктөшү – Азербайжан менен достук жана өз ара колдоо мамилесин жогору баалайт.

Быйыл эки өлкө ортосунда дипломатиялык алака түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров бул датага карата жакшы натыйжаларга жетишилгенин баса белгиледи. Атап айтканда, жогорку деңгээлдеги байланыштардын динамикалуу бекемделиши жана кеңейиши Кыргызстан менен Азербайжандын парламенттеринин, өкмөттөрүнүн жана тармактык ведомстволорунун ортосунда активдүү өз ара аракеттенүүгө алып келди.

Мындан тышкары, ал өткөн жылы эки жогорку деңгээлдеги сапар болгонун кошумчалады. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде Мамлекеттер аралык кеңеш түзүлүп, анын биринчи жыйыны болуп өттү. 2022-жылы өз ара сапарлардын жүрүшүндө жетишилген бир катар макулдашуулар практикалык динамикага ээ болду.

Президент былтыр октябрда Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн эске салды. Учурда уюштуруу, укуктук жана финансылык маселелерди жыйынтыктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул контекстте Садыр Жапаров компетенттүү органдарга Фонддун ишин практикалык ишке киргизүүнү тездетүүнү жана эки тарап тең кызыкдар болгон долбоорлорду ишке ашырууга киришүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында эки өлкө лидерлери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана арттырууга өз ара умтулууларын ырасташты.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров  Азербайданга БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн барган. СПЕКА саммитине СПЕКА өлкөлөрүнүн лидерлери жана башка ардактуу конок катары чакырылган жогорку даражалуу расмий адамдар катышууда.

Комментарий жиберүү