Израиль барымтачылардын ордуна ХАМАСтын лидерине Газадан коопсуз чыгууну сунуштады

Израиль ХАМАСтын лидери Яхья Синварга барымтадагыларды бошотуу үчүн Газа тилкесинен коопсуз чыгууну сунуштады, деп билдирет Bloomberg.

«Мен Синварды, анын үй-бүлөсүн, ага кошулууну каалагандардын бардыгын коопсуз өткөрүүгө даярмын… Биз барымтадагылардын кайтарылышын каалайбыз. Биз Газаны башкара турган жаңы системаны демилитаризациялоону, дерадикализациялоону каалайбыз», – деди Израилдин уурдалган жана дайынсыз жоголгон жарандары боюнча комиссары Гал Хирш.

Агенттиктин маалыматына караганда, Хирш бул сунушун кыймылдын өкүлдөрүнө жөнөткөнүн билдирди. “Ошол эле учурда мен B, C жана D планынын үстүндө иштешим керек, анткени мен барымтадагыларды үйгө алып келишим керек”, – деп баса белгиледи Хирш.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согуш учурунда 41 миңге жакын палестиналык каза болгон.

Комментарий жиберүү