Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян БРИКСтин ичинде коопсуздук боюнча атайын структура түзүүнү сунуштады. Анын Санкт-Петербургда өтүп жаткан БРИКС+ өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелерине жооптуу жогорку өкүлдөрүнүн жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн видеосун Tasnim агенттиги жарыялады.
Ал терроризм, экстремизм, биологиялык курал жасоо, баңги аткезчилиги, адам сатуу, жасалма интеллект жана спутниктик системалар сыяктуу инновациялык технологияларды мыйзамсыз колдонуу сыяктуу жалпы коркунучтарга каршы туруу, ошондой эле кибермейкиндикте жана деңиз ташууларында жалпы коопсуздук мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн БРИКСтин атайын структурасын түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, биримдиктин мүчөлөрү экономикалык кызматташуудан тышкары коопсуздук тармагында ийгиликтүү өз ара аракеттенип, жаңы дүйнөлүк системаны түзө алышат.
Белгилей кетсек, Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян Санкт-Петербургга россиялык кесиптешинин чакыруусу менен БРИКСтин жогорку өкүлдөрүнүн жыйынына катышуу үчүн шейшемби күнү келген.
Сапардын алкагында ал Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен эки тараптуу жумушчу жолугушуу өткөрдү.
БРИКС жана БРИКС+ мамлекеттеринин коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлдөрүнүн XIV жыйыны 10-сентябрдан 12-сентябрга чейин Санкт-Петербургда өтөт.
Салт боюнча, БРИКС саммитинин алдындагы мындай жолугушууларда улуттук, аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле бул форумдардын катышуучу-мамлекеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланат.
Делегациялардын башчылары эки тараптуу форматта да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
Буга чейинки XIII жолугушуу Йоханнесбургда (Түштүк Африка) 2023-жылдын июль айынын аягында өткөн.