Иранда биринчи жолу аял президенттикке талапкер болуп катталды – президенттик жарышка дагы кимдер катышууда?

Зохре Элахиан Ирандагы кезексиз президенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн биринчи аял болду. Бул тууралуу Ислам Республикасынын шайлоо комиссиясынын өкүлү Мохсен Эслами билдирди.

«Менин өкмөтүмдүн урааны – дени сак өкмөт, дени сак экономика жана дени сак коом”, – деп билдирди Зохре Элахиан президенттикке талапкердигин каттаткандан кийин сүйлөгөн сөзүндө.

Ирандагы президенттик шайлоо мамлекет башчы Ибрахим Раиси авиакырсыктан каза болгондон кийин 28-июнга белгиленген.

Талапкерлерди расмий каттоо 30-майда башталган, ал 3-июнга чейин жүргүзүлөт.

Каттоодон өткөн талапкерлердин саны 20га жакындап калды. Алардын арасында Иран парламентинин мурдагы төрагасы Али Ларижани, Борбордук банктын мурдагы башчысы Абд-оль Насер Хеммати, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили, Ислам революциясында Сакчылар корпусун мурда башкарган генерал Сейед Вахид Хагганиан, мурдагы саламаттык сактоо министри, парламент депутаты Масуд Пезешкиан, спорт жана жаштар иштери боюнча министрдин мурдагы орун басары Ахмад Расулинежад, Демократиялык партиянын башкы катчысы Мостафа Кавакебиан, “Көз карандысыздык жана теңдик партиясынын” башкы катчысы Годратали Хешматиан, парламенттин учурдагы мүчөлөрү Мохаммадреза Саббагиан, Аббас Могтадаи, Мохаммад Хошчехре жана мурдагы депутат Махмуд Ахмади-Бигаш, Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад бар.

 

2 of 9

-+

Талапкерлердин талаптарга ылайыгын текшерүү 4-июндан 10-июнга чейин жүргүзүлөт. Шайлоого ат салышкандардын соңку тизмеси 11-июнда белгилүү болот.

Шайлоо өнөктүгү 12-июндан 27-июндун таңына чейин жүргүзүлөт. Шайлоого бир күн калганда “жымжырттык күнү” жарыяланып, үгүт иштерине тыюу салынат.

Эгерде талапкерлердин бири дагы көпчүлүк добушка ээ боло албаса, анда шайлоонун экинчи этабы 5-июлда өтөт.

Ирандын конституциясына ылайык, президент түз жалпы шайлоо жолу менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат жана катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайланат. Талапкер 40 жаштан 75 жашка чейинки, теги ирандык жана мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматта иштеген Ирандын жараны боло алат.

Эске салсак, Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Аль-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү жана экипаж мүчөлөрү жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып кыйраган. Андан аман калгандар жок экени 20-майда расмий тастыкталган.

Раисинин милдетин убактылуу аткаруу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберге жүктөлгөн.

Комментарий жиберүү