Иранда президенттикке талапкерлер бекитилди

Иран Конституциясынын сакчылар кеңеши алты жаранды президенттик шайлоого талапкер кылып бекитти.

Шайлоо 28-июнга белгиленген. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өлкөнүн президенти Ибрахим Раисинин авиакырсыктан каза болушуна байланыштуу өткөрүлүүдө.

Ирандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Шайлоо штабынын өкүлү Мохсен Эслами алдыдагы шайлоого өткөн алты талапкерди атады.

Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани;

Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили;

Межлистин (Иран парламентинин) спикери Мохаммад Багер Галибаф;

Мурдагы прокурор Мустафа Пурмохаммади;

Өлкөнүн вице-президенти Газизаде Хашеми;

Парламенттин мүчөсү Масуд Пезешкян.

Алты талапкер расмий каттоодон өткөн 80 кишинин ичинен тандалып алынды.

Талапкерлерди каттоо 30-майдан 3-июнга чейин, алардын талаптарга ылайыгын текшерүү 4-июндан 10-июнга чейин жүргүзүлдү.

Шайлоо өнөктүгү 12-июндан 27-июндун таңына чейин жүргүзүлөт. Шайлоого бир күн калганда “жымжырттык күнү” жарыяланып, үгүт иштерине тыюу салынат.

Ирандын конституциясына ылайык, президент түз жалпы шайлоо жолу менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат жана катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайланат. Талапкер 40 жаштан 75 жашка чейинки, теги ирандык жана мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматта иштеген Ирандын жараны боло алат.

Эске салсак, Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Аль-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү жана экипаж мүчөлөрү жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып кыйраган. Андан аман калгандар жок экени 20-майда расмий тастыкталган.

Раисинин милдетин убактылуу аткаруу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберге жүктөлгөн. Мохбер шайлоого катышууга өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн жок.

Комментарий жиберүү