Сауд Арабияда 300 миңден ашуун адам  ажылыкка мыйзамсыз барганы үчүн кармалды

Сауд Аравиянын бийликтери ажылыкка катышууга катталбаган 300 миңден ашуун адамды кармады. Алардын көбү ажылык визанын ордуна туристтик виза менен ажылыкка барууга аракет кылышкан.

«Sharqpress.com» агенттиги билдиргендей, акыркы күндөрү кармалгандардын арасында 157 миңге жакыны  зыярат визасынын ордуна туристтик виза менен ажылыкка барууга аракет кылган чет элдиктер.

Ажылык коопсуздук комитетинин башчысы Мухаммад ибн Абдулла Аль-Басами ажылыктын эрежелерин жана көрсөтмөлөрүн аткарбаган 140 зыяратчылар тобу жана 64 транспорттук уюм кармалганын билдирди.

Кармалгандардын арасында  Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары барбы – маалымат жок.

Сауд Аравиянын бийлигинин маалыматы боюнча, 8-июндан тарта ажылыкка катышуу үчүн өлкөгө 1 миллион 300 миңден ашуун адам келген.

Белгилей кетсек, Сауд Аравиянын бийлиги жыл сайын мыйзамсыз ажылыкка барууга аракет кылган адамдарды кармайт. Өткөн жылы 17 миңден ашуун адам ажылыкка уруксатсыз катышууга аракет кылганы үчүн кармалган.

Буга чейин өлкө бийлиги чет элдик жарандарга жана шаар тургундарына 2024-жылкы ажылык сапарга мыйзамсыз катышканы үчүн катуу жаза колдонуларын эскерткен. Арызга ылайык, ажылыкка уруксаты жок адамдар 2 айдан 6 айга чейин абакка кесилип, 50 миң сауд риалына чейин (13,3 миң доллардан ашык) айыппул салынышы мүмкүн.

Буга байланыштуу кармалган чет элдиктер да депортацияланып, 10 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Комментарий жиберүү