Ирандын ТИМ башчысы: АКШ мамлекеттердин долларга болгон көз карандылыгын курал катары пайдаланат

АКШ долларды курал катары колдонот, ошондуктан БРИКСтин алдында мамлекеттердин америкалык валютага көз карандылыгына негизделген Бреттон-Вудс системасын реформалоо же толугу менен демонтаждоо милдети турат.

Бул тууралуу БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Нижний Новгороддо өтп жаткан жыйынында Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери Кани билдирди.

“БРИКСтин эң маанилүү милдети катары ар дайым эгемендүү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн прогрессине тоскоол болуп келген Бреттон-Вудс системасын реформалоо деп айтууга болот”, – деп айтылат Багери Канинин Telegram каналында жарыяланган билдирүүсүндө. 

Анын айтымында, АКШ мамлекеттердин долларга болгон көз карандылыгын курал катары пайдаланууда, бул мыйзамсыз санкцияларды киргизүү, банктык чектөөлөрдү киргизүү, эл аралык каржы институттарында чечим кабыл алуу процессинде теңсиздикти түзүүдө консенсустун жоктугу бул адилетсиз системаларды реформалоо жана демонтаждоо керек экендигин далилдеди.

Багери Кани БРИКСти “жаңы форматтагы кызматташтыктын символу жана ийгиликтүү модели” жана “тез өнүгүп жаткан экономикалардын коалициясы” деп атады.

“Бирикме “анын так иштелип чыккан планы, демилгеси жана глобалдык башкаруу системасын реформалоо жана эл аралык аренада активдүү роль ойноо ниети бар экенин көрсөттү”. Ушул себептен улам, “БРИКСке кошулууну же бирикме менен кызматташууну каалаган өлкөлөрдүн саны, анын ичинде БРИКС+ форматында күн санап өсүүдө жана алардын айрымдарын эртеңки жолугушууда көрөбүз”, – деп билдирди Ирандын ТИМ башчысы.

Ирандык саясатчынын айтымында, “адилетсиз жана демократиялык эмес структуралар глобалдык чакырыктарга туруштук бере албастыгын көрсөттү”.

“Дүйнөлүк аренада иштерди жүргүзүүдө бир тараптуу мамиле, улуттук артыкчылык жана геноцид идеологиясы, санкциялар жана экономикалык блокаданы колдонуу жана башка мыйзамсыз жана агрессивдүү чаралар жаңы институттарды жана структураларды түзүүнү жана бекемдөөнү талап кылды”, – деп жыйынтыктады Ирандын тышкы иштер министри. 

10-июнда Нижний Новгороддо орус дипломатиясынын башчысы Сергей Лавровдун төрагалыгы алдында БРИКСтин тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны башталды. Бул 2023-жылы бирикме кеңейгенден кийинки тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусу.

БРИКС тобу 2006-жылы түзүлгөн. Ага алгач Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирген. 2024-жылдын 1-январында Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Арабиясы жана БАЭ бирикменин толук кандуу мүчөсү болушкан. Соңку учурда бул уюмга мүчө болууга ынтызарлыгын билдирген өлкөлөр көп.

Комментарий жиберүү