Иранда президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо башталды

30-майда Иранда президенттик шайлоого талапкерлерди расмий каттоо башталды. Өлкөнүн маркум президенти Ибрахим Раиси каза болгондон кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү 28-июнга белгиленген.

Талапкерлерди каттоо 30-майдан 3-июнга чейин жүргүзүлөт. Талапкерлердин талаптарга ылайыгын текшерүү 4-июндан 10-июнга чейин жүргүзүлөт. Шайлоого ат салышкандардын соңку тизмеси 11-июнда белгилүү болот.

Шайлоо өнөктүгү 12-июндан 27-июндун таңына чейин жүргүзүлөт. Шайлоого бир күн калганда “жымжырттык күнү” жарыяланып, үгүт иштерине тыюу салынат.

Эгерде талапкерлердин бири дагы көпчүлүк добушка ээ боло албаса, анда шайлоонун экинчи этабы 5-июлда өтөт.

Ирандын конституциясына ылайык, президент түз жалпы шайлоо жолу менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат жана катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайланат. Талапкер 40 жаштан 75 жашка чейинки, теги ирандык жана мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматта иштеген Ирандын жараны боло алат.

Авиакырсыктан каза болгон президент Ибрахим Раисинин милдетин убактылуу аткаруу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберге жүктөлгөн.

Ирандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Жаңы президентти шайлоо 50 күн ичинде уюштурушу керек.

Эске салсак, Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Аль-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү жана экипаж мүчөлөрү жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып кыйраган. Андан аман калгандар жок экени 20-майда расмий тастыкталган.

Комментарий жиберүү