Ирандын баш калаасы Тегеранда жана Йезд шаарында студенттер Америка жана Европадагы студенттердин Израилди айыптаган жана Газанын элине тилектештик билдирген акциясын колдоп чыгышты.
«Eurasia Today» маалымдагандай, Тегерандагы Ислам Азад университетинин Чыгыш бөлүмүнүн студенттери шейшемби күнү кечинде Газанын эзилген калкын колдоо акциясына чогулуп, аларга колдоо көрсөтүүнү токтотпой турганын билдиришти.
Окуу жайдын жетекчиси Сейед Али Мусави ирандык студенттердин Газанын эзилген элине колдоо көрсөтүүсүн маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай деди:
“Бүгүн Газа эл аралык коомчулуктун ажырагыс бөлүгү болуп калды, ал эми Палестина элинин чыдамкайлыгы – бул глобалдык текебердиктин жүзүн бардыгына ачыктады”.
Анын айтымында, университеттин студенттери, профессорлору жана кызматкерлери Европадагы жана Америкадагы студенттердин акциясын коргоо, ошондой эле Газанын элине колдоо көрсөтүү жана Израилдин кылмыштарын айыптоо максатында чогулушту.
Ал эми Йезд университетинин алдына чогулган студенттердин тобу Газа элин колдогон, Израилди айыптаган ураандарды чакырышты.
Бул митингде өлкөнүн “Басиж” студенттик уюмунун башчысы Хади Гасеми Американын университеттеринде болуп жаткан Палестинаны колдоо акцияларын дүйнөдөгү кандайдыр бир ойгонуу жана көтөрүлүү деп эсептеди.
Белгилей кетсек, Американын алдынкы университеттеринин кампустарында Израилге каршы демонстрациялар уланып жатат.
Студенттердин палестиндерди коргоо акциясынан улам айрым окуу жайларда сабактар онлайн форматка өткөн.
Акциянын катышуучулары Газадагы ок атууну биротоло токтотууга жана университеттердин жетекчилигин Израиль менен бардык кызматташтыкты токтотууга чакырышууда.
Окуу жайлардын алдына чатырларды тигип алган студенттерди таркатуу учурунда полиция ондогон адамдарды кармап кеткен.