Ирандын Эксперттер кеңешинин мүчөсү (Ислам Республикасынын руханий лидерин шайлаган атайын мамлекеттик орган – ред.) Аятолла Аббас Али Солеймани өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Мазандеран провинциясында өлтүрүлдү.
Бул тууралуу “Fars News” агенттиги Мазандарандын губернаторунун саясий коопсуздук боюнча орун басары Рухолла Салегиге шилтеме кылып маалымдады.
Анын айтымында, бүгүн Баболсар шаарында банкта Сулейманиге куралдуу кол салуу болуп, натыйжада ал алган жараатынан улам каза болгон. Кылмышкер дароо кармалган.
Кол салуучунун максаты азырынча тактала элек. Бирок Мазандарандын губернаторунун айтымында, окуя террордук мүнөздө болгон эмес.
Сулеймани Ирандын руханий лидери Аятолла Хаменеинин Исфахан провинциясынын Кашан шаарында (өлкөнүн борбору), ошондой эле Систан жана Белужистан провинциясында (түштүк-чыгыш) өкүлү болгон.
Маалымдама: Эксперттер кеңеши (перс. مجلس خبرگان – Мажлис-е хебреган) — Ирандагы өлкөнүн Жогорку лидерин шайлай турган атайын мамлекеттик орган. Эксперттер кеңеши эл тарабынан сегиз жылдык мөөнөткө шайланган 88 мужтахидден турат. Кеңеш жылына эки жолу эки күн чогулушат.
Эксперттер кеңеши Иран Ислам Республикасынын Конституциясынын 107-беренесине ылайык, Ислам Республикасынын Жогорку лидерин дайындоо үчүн жооптуу болгон абройлуу мусулман мыйзам таануучуларынан турат.