Ирандын жаңы президентинин инаугурациясы 30-июлда болот

Өткөн аптада Ирандын президенти болуп шайланган Масуд Пезешкяндын инаугурациясы 30-июлда болот. Бул тууралуу Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Можтаба Юсуфи билдирди.

“Президент Масуд Мезикияндын ант берүү аземи шейшемби күнү, 30-июлда болот”, – деп билдирди Юсуфи.

Анын айтымында, инаугурацияга чейин Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи шайланган президентти бекитүү боюнча жарлыкка кол коюу аземи дагы өтүшү керек.

Юсуфи белгилегендей, мыйзам боюнча, инаугурация аземи Жогорку соттун төрагасынын, сот бийлигинин башчысынын, Конституцияны сактоочулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жана башка жогорку даражалуу аткаминерлердин жана аскер кызматкерлеринин катышуусунда Иран парламентинин имаратында өткөрүлөт.

Ал ошондой эле иш-чарага чет элдик коноктор да катышарын билдирип, бирок кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү  чакырыларын тактаган жок.

Белгилей кетсек, парламенттин ички уставынын 202-бөлүмүнө ылайык, президент инаугурациядан кийин эки жумадан кечиктирбестен өз өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин парламентке көрсөтүүгө милдеттүү.

Эске салсак, 5-июлда Ислам республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өткөн.

Анда реформачылар канатынын талапкери, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян жалпы добуштардын 53,6%ы менен жеңишке жеткен.

Анын атандашы консерватор Саид Жалили добуштардын 44,3%ын алган.

Иранда шайлоо мурдагы президент Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.

Комментарий жиберүү