Россияда учак кыйрады: бир гана адам аман калган

Татарстанда жеңил моторлуу экскурсиялык Cessna-172 учагы кыйраганын Tengrinews.kz Россиянын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

«2024-жылдын 10-июлунда түштөн кийин Cessna-172 жеңил учагы Камское Устье айылынын жанындагы чатыр лагеринин аймагына катуу конду, учакта төрт адам болгон. Анын ичинде жашы жете элек бала да болгон. Кырсыктын натыйжасында учак күйүп кеткен “Бир гана адам аман калып, медициналык мекемеге жеткирилди”,- деп айтылат расмий билдирүүдө.

Окуя болгон жерде Транспорт боюнча тергөө комитетинин тергөөчүлөрү жана криминалисттери иштеп жатат. Окуянын себептерин аныктоо үчүн алгачкы тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп, күбөлөр суралып, бир катар экспертизалар дайындалып жатат.

Бул факты боюнча “Аткарылган иши же ээлеген кызматы боюнча бул эрежелерди аткарууга милдеттүү болгон адамдын аба транспортун эксплуатациялоонун жана кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу, байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Комментарий жиберүү