Иран Палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүргөндүгү үчүн Израилге жооп кайтарууда убакытты көпкө чоюшу мүмкүн.
Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий өкүлү, генерал-майор Али Мохаммад Наэини брифингде билдирди.
“Убакыт биз тарапта, жооп күтүү узакка созулушу мүмкүн”, – деди ал.
Наэини Иранга жасалган бир дагы чабуул жоопсуз калбагынын жана душман тиешелүү убакта ойлонулган жана так соккуларды күтүшү керек экенин баса белгиледи.
“Ирандын жообу мурунку операциялардан айырмаланышы мүмкүн”, – деп билдирди ал.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлүнүн айтымында, Израиль ХАМАСтын лидерин өлтүү менен максаттарды койгон, бирок алардын бирине да жеткен жок.
“Душман фронттогу максаттарына жетпей калгандыгын ушул өлтүрүү менен толуктай алат деп ойлогон. Бирок, тескерисинче, каршылык көрсөтүү фронту күчтүүрөөк болуп калды”, – деди ал.
Наэининин айтымында, Израилдин тургундары Ирандын жообун күтүп жатып, (психологиялык – ред. ) тең салмактуулугун жоготту болушу керек.
ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания 31-июлда Тегерандагы резиденциясында Израилдин соккусунан улам каза болгон. Ал Иранга жаңы президенттин инаугурациясына катышуу үчүн келген. Кыймыл Ханиянын өлүмү үчүн Израиль менен АКШны айыптап, кол салуу жоопсуз калбасын билдирген.
Ушундай эле пикирди Иран бийликтери да билдирген. Өлкө президенти Масуд Пезешкиан Иран менен Палестинанын элинин ортосундагы байланыш мурдагыдан да бекем болорун айтып, Иран өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргой турганын жана баскынчы-террорчулардын коркоктук аракеттерине өкүндүрөрүн айткан.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Израиль Ханияны өлтүрүү менен өздөрүн катаал жазага кириптер кылганын айткан. Расмий Тель-Авив болгон окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган эмес.
Андан бери баары Ирандын Израилге жообун күтүп жатышат.