Россияда мигранттарга үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу сунушталууда

Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын депутаттарынан турган топ 19-августта мигранттардын Россияга үй-бүлө мүчөлөрүн алып кирүүсүн чектей турган мыйзам долбоорун сунуштады.

“Мыйзам долбоору менен Россияга эмгек келишиминин негизинде иштегени келген чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлөсүн алып кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда”, – деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.

Документтин авторлорунун айтымында, кеп Россияда эмгек келишминин же патенттин негизинде иштей турган төмөнкү квалификациядагы адистиктер жөнүндө болууда.

“Мигранттардын үй-бүлөлөрү аларды мекенинде күтүшү керек. Чет өлкөлүк жумушчулардын Россияга келген жакындары топтошуп жашап, өз тилдеринде сүйлөп, жергиликтүү тургундарга тоготпогондой мамиле кылышат. Коммуналдык кызматтарга акы төлөбөй, өтө ири суммада карызын калтырып кеткен учурлар да көп. Бул маселелердин баарын чечүү үчүн төмөнкү квалификациядагы чет өлкөлүктөргө үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу зарыл. Келип, иштеп, кайра үйүнө кайтышы керек. Башка сөз болушу мүмкүн эмес”, — деп билдирген ЛДПР партиясынын лидери Леонид Слуцкий РИА Новости агенттигине.

Демилгечилердин айтымында, учурда мигранттардын балдары менен жумушсуз жубайлары күйөөсүнүн эмгек келишиминин же патентинин негизинде Россияга эч тоскоолдуксуз кирип, көзөмөлсүз миграция агымын жана социалдык чыңалууну жаратууда.

Комментарий жиберүү