АКШнын Мамлекеттик департаменти Түштүк Кореяга 3,5 миллиард долларга 36 Apache тик учагын сатууга макулдук бергенин Пентагондун Коргоо кызматташтыгы агенттиги билдирди.
«Мамлекеттик департамент Түштүк Кореяга 3,5 миллиард долларга Apache тик учактарын жана ага тиешелүү жабдууларды сатууну жактырды», – деп билдирет ведомство.
Маалыматта Сеул Вашингтондон 36 AH-64E Apache тик учак, ошондой эле T700-GE-701D кыймылдаткычтарын, AGM-114R2 ракеталарын, AGM-179A аба-аба классындагы ракеталарды жана AAR-57 жалпы ракеталык чабуулду эскертүүчү системаларды сураганы айтылат.
“Defence News” сайтынын маалыматына караганда, Сеул 2013-жылы АКШдан 36 Apache AH-64E тик учагын сатып алган, анын акыркысы 2017-жылдын башында Түштүк Кореяга жеткирилген.
Буга чейин Варшава Вашингтондон 96 AH-64E Apache чабуулчу тик учактарын сатууну суранган. Мамдепартамент мындай жеткирүү мүмкүнчүлүгүн жактырган. Андан соң АКШ Конгресси бул тик учактарды радар жана курал-жарак менен бирге Польшага сатууга макул болгон.