Дүйнөдөгү азыркы кырдаалда Борбор Азия өлкөлөрүндө көп векторлуу саясаттын уланышы мүмкүн эмес. Бул аймак сөзсүз түрдө Батыш менен же болбосо батыштык эмес блок, анын ичинде Кытай, Орусия, Иран жана башка өлкөлөр менен биригүүгө туура келет. Бул тууралуу америкалык Diplomat журналы жазат.
Басылманын автору Ахмад Тарик Нурзаде, Украина жаңжалынын фонунда Вашингтондун жана анын союздаштарынын болуп көрбөгөндөй кысымына карабастан, Орусия Борбор Азиядагы позициясын сактап жатканын айтат.
Автор белгилегендей, Казакстан менен Орусиянын мамилеси туруктуу бойдон калууда.
Ал эми Орусияда иштеген бир нече миллион өзбек мигранттарынын акча которуулары Өзбекстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон Ташкенттин да Москва менен мамилеси жакшы.
Тажикстан Орусия менен экономикалык жана коопсуздук жагынан чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк байланышта. Бул өлкөдө Орусиянын аскерий базасы да жайгашкан.
Ооганстанда талиптердин бийликке келиши – тажик жетекчилигинен Москва менен өнөктөштүктү бекемдөөнү талап кылат. Согуш башталгандан бери бул эки өлкөнүн мамилеси анча деле өзгөргөн жок.
“Орусия менен Кыргызстандын мамилеси да жогорку деңгээлде. Бишкек Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардам берет”,-деп белгилейт басылманын автору.
Diplomat журналында жарыяланган макалада, Орусиянын Украина фронтундагы жеңишинен кийин Батыштын дүйнөдөгү таасири бир топ алсырай турганы айтылат. Буларга кошумчаланып, дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугу өзгөрүп кетиши мүмкүн болгондуктан, Борбор Азия сөзсүз түрдө Москва жана анын союздаштары менен бир тарапта болоору, ошону менен аймактагы мамлекеттер Орусия менен биригип, күчтүү антибатыш коалициясын түзүү процесси башталары белгиленет.
Ошол эле учурда автор, коомдук пикирди калыптандыруу, тарыхты кайра жазуу, жат баалуулуктарды сиңирүү боюнча жигердүү иштеп жаткан Батыштын маалыматтык-гуманитардык чөйрөсүндөгү аракеттерин баалабай коюуга болбой турганын айткан. Мунун арты менен келечекте, тескерисинче, жакынкы кошуналары Орусия жана Кытай менен тиреше турган жаңы муун тарбияланып жатканын кыйыткан.