Ирандын президенти Масуд Пезешкян июль айында кызматка киришкенден берки биринчи чет элдик расмий сапары менен Иракка келди.
Аны Багдад эл аралык аэропортунда Ирактын премьер-министри Мохаммад Шиа ал-Судани тосуп алды.
Пезешкиан Багдадга конгондон кийин бул шаардын аэропортундагы ирандык генерал Касем Сулеймани менен ирактык командачы Абу Махди Аль-Мухандистин шейит болгон жерге барып, алардын элесин эскерди.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Аны менен кошо бир нече офицер жана Ирактын “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да өлтүрүлгөн.
Масуд Пезешкян Ирактын премьер-министри Мохаммад Шиа ал-Судани тарабынан расмий тосуп алуу аземинен кийин Ирактын президенти Абдул Латиф Рашид менен президенттик сарайда жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү.
Андан соң Пезешкиан өлкөнүн премьер-министри Аль-Судани менен жолугат. Андан кийин эки өлкөнүн жогорку даражалуу делегация мүчөлөрүнүн биргелешкен жыйыны болот.
Сапар үч күнгө созулуп, Ирактын жогорку бийлик өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды, кызматташтык келишимдерине кол коюу, бир нече шаарга барууну камтыйт.