Ирандын ТИМ башчысы: “Аймактагы чек араларды өзгөртүү – биз үчүн кызыл сызык”

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи коңшу өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүнө каршы кандайдыр бир коркунучту же чек араларды кайра чийүүнү Иран үчүн кызыл сызык деп атады.

Анын айтымында, түндүктө, түштүктө, чыгышта же батышта болобу, чек араларды кайра сызуу таптакыр кабыл алынгыс жана Иран үчүн кызыл сызык катары каралат.

“Аймактагы тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук – бул приоритет гана эмес, улуттук коопсуздугубуздун түркүктөрүнүн бири”, -деп Аракчи өзүнүн X социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Иран Азербайжанды Армениянын аймагы аркылуу Нахичеван менен байланыштыра турган Зангезур коридору долбоорун Москванын жакында колдогонуна байланыштуу 3-сентябрда Орусиянын элчисин чакырган. Бул долбоор ишке ашырылса, Арменияны Ирандан ажыратат б.а. түз чектешпей калат.

Бул маселе боюнча ушундай эле пикирди Ирандын Армениядагы элчиси Мехди Собхани билдиргенин Sputnik Армения агенттиги жазды.

Ал ар кандай ат менен, анын ичинде «коридор» (Сюник аркылуу – ред.) деп аталган Армения жөнүндөгү кээ бирөөлөрдүн кыялдары жана каалоолору ишке ашпай турганын айтты.

«Биздин коңшулардын аймактык бүтүндүгү биздин кызыл сызыгыбыз», – деди ал Ереван мамлекеттик университетинде Фирдоуси атындагы залдын ачылыш аземинде.

Собхани белгилегендей, эки өлкөнүн чек арасы тынчтыктын, достуктун, коопсуздуктун жана өз ара ишенимдин чек арасы.

“Биз Армениянын аймактык бүтүндүгүн, улуттук эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын колдойбуз. Армения биздин чын ыкластуу кошунабыз жана биз бардык тармактарда кызматташууга жана кызматташууну тереңдетүүгө чечкиндүүбүз», – деди элчи.

Комментарий жиберүү