ЮНИСЕФ: Газада 50 миңден ашык бала чала тамактануудан жапа чегүүдө

ЮНИСЕФтин тамактануу боюнча директору Энтони Лейк Газадагы 50 миңден ашуун бала курч чала тамактануудан жапа чегип жатканын жана алар тез арада дарыланууга муктаж экенин билдирди.

Al-Jazeera маалымдагандай, Лейк Газадагы согуш жана гуманитардык муктаждыктарды камсыз кылуу боюнча чектөөлөр тамак-аш жана саламаттык сактоо системасынын толук кыйрашына алып келгенин билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус да өткөн аптада Газа тилкесинде балдарды полиомиелиттен коргоонун жалгыз жолу катары ок атышууну токтотууга чакырган.

Ал полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү 1-сентябрдан тарта башталарын айтып, Газадагы жаңжалдашкан тараптарды эмдөө учурунда белгилүү аймактарда гуманитардык тыныгууларды орнотуу милдеттенмесин кубаттап, бардык тараптар аларды аткарат деген үмүтүн билдирген.

“Бирок, бир гана узак мөөнөттүү даба – тынчтык. Газанын бардык балдарын толук коргоонун бирден бир жолу бул ок атышууну токтотуу”,-деп баса белгилеген Гебреисус.

Израиль Газадагы балдарды эмдөө үчүн ок атышууну үч күнгө токтотууга макул болгон. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гендельман Газада полиомиелитке каршы эмдөө боюнча ок атышууну толук токтотулбаганын, эмдөө топтору өтө турган гуманитардык коридор гана берилерин Telegram баракчасынан билдирген.

Эске салсак, 16-августта Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Газа тилкесинде полиомиелиттин биринчи тастыкталган учуру катталганын билдирген. Дейр эль-Балах шаарында полиомиелитке каршы вакцинанын бир да дозасын албаган 10 айлык бала Аммандагы лабораториялык текшерүүлөр учурунда анын диагнозу тастыкталган. Аны Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тастыктаган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Газага полиомиелитке каршы бир миллион дозадан ашык вакцина жөнөткөн.

Эмдөө эки этап менен жүргүзүлөт. Анткени балдар ооруга каршы вакцинанын эки дозасын алышат. Полиомиелитке каршы эмдөө 10 жашка чейинки 640 миңден ашуун баланы камтыйт.

Комментарий жиберүү