Ирандын ТИМ башчысы: Жакынкы Чыгыш масштабдуу катастрофанын алдында турат

Израиль режими Газага каршы согушун жана Ливанга чабуулдарын токтоосуз токтотуусу керек. Газада ок атышпоо болмоюнча аймакта тынчтыктын кепилдиги болбойт.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 25-сентябрда Бириккен Улуттардын Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча отурумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал сөзүнүн башында Израиль режиминин агрессиясына туш болгон Ливанга Иран элинин тилектештигин жана толук колдоосун билдирди.

Аракчи Ливандагы жана Жакынкы Чыгыштагы абалды болуп көрбөгөндөй деп атап, аймак толук масштабдуу катастрофанын босогосунда турганын айтты.

Ал басылып алынган Палестинадагы кылмыштарын улантып жаткан Израилдин апартеид режими эми азыр Ливанга каршы адилетсиз жана агрессивдүү согуш баштп, чек аранын ары жагында жана Ливан жеринин тереңинде бейкүнөө адамдарды бутага алып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, миңдеген бейкүнөө адамдардын, анын ичинде аялдардын жана балдардын өмүрүн алган бул агрессия таңууланган согуштун кайгылуу натыйжасы гана эмес, ошондой эле бүтүндөй бир калкты коркутуу жана аларды өз жеринен кууп чыгуу үчүн жасалып жаткан Израиль режиминин эсептелген тактикасы.

Ирандын ТИМ башчысы Ливандагы карапайым жарандар колдонгон байланыш каражаттарын анын ичинде пейджерлерди жана рацияларды жардыруу аркылуу жарандарга атайылап жана ылгабастан кол салуулар бүткүл эл аралык коомчулук үчүн коңгуроо болушу керек экенин, анткени бул кадыресе байланыш каражаттарын курал катары колдонуунун эң ачык-айкын көрүнүшү экенин баса белгиледи.

Ал “терроризмдин” бул жаңы версиясы бардыгы тарабынан кескин түрдө айыпталышы керек экенин, болбосо, бул ыкма Израиль режиминен башка террордук топтор жана уюмдар тарабынан оңой эле кайталанышы мүмкүн экенин белгиледи.

Израилдин тынчтыкка умтулуу же ок атууну токтотууга макул болуу ниети жок

Аракчи белгилегендей, Палестина аймактарынын жылдар бою оккупацияланышынан баштап Газа элине каршы жүрүп жаткан геноциддик согуш, Сирия менен Ливанга каршы негизсиз агрессия, Иран Ислам Республикасынын дипломатиялык объектилерине жасалган террордук чабуул жана ХАМАСтын саясий лидеринин Тегеранда өлтүрүлүшү мунун баары Израиль режиминин чыныгы жүзүн террордук уюм катары көрсөттү.

Ал Израиль режиминин тынчтыкка умтулуу же ок атууну токтотууга макул болуу ниети жок экенин баса белгилеп, “Алардын (Израилдин -ред.) чыныгы максаты бүт аймакты кеңири масштабдуу согушка тартуу болуп саналат. Тилекке каршы, АКШ менен Улуу Британиянын Израиль режимине шартсыз колдоосу аларга ар кандай жаман иштерди жасоого мүмкүндүк берүүдө”, – деди Аракчи.

Ирандын тышкы иштер министри Ливанга каршы тынымсыз агрессия эл аралык коомчулуктун жана өзгөчө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газадагы согуш кылмыштары жана геноцид үчүн Израиль режимин жоопко тарта албаганынан улам күчөгөнүн билдирди.

Анын айтымында, АКШнын израилдик режимди ооздуктай албаганы, аскердик техника менен камсыз кылуусу жана саясий колдоону улантуусу Израилбул режимге үрөй учурган аракеттерди жазасыз ишке ашырууга шыктандырды.

“Жамандыктын жана ырайымсыздыктын кадыресе көрүнүш катары кабыл алынышына жол бербөө үчүн баарыбыз чогуу иштешибиз керек. Бардык өкмөттөр Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинен БУУнун Уставы боюнча өз милдеттерин аткарууну талап кылышы керек. Сионисттик режимдин кылмышкер лидерлери алардын аракеттери жоопсуз калбасын түшүнүшү керек”, – деди ирандык министр.

Ирандын ТИМ башчысы ошондой эле Израиль эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн олуттуу коркунуч болуп калганын жана ал БУУга мүчө болууга татыктуу эмес деп билдирди.

“Азыр Израил эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка мурдагыдан да олуттуу коркунуч болуп калды. Бул режим Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болууга татыктуу эмес”, – деди ал.

Аймак масштабдуу кагылышууга тартылуу коркунучунда турат

Аракчи аймактагы кырдаалдын андан ары курчушуна жол бербөөнүн бирден-бир жолу айкын экенин айтты: Израиль режими Газага каршы согушун жана Ливанга чабуулун токтоосуз токтотуусу керек.

Анын атымында, Газада ок атууну токтотмойун, аймакта тынчтыктын кепилдиги болбойт.

Ирандын ТИМ башчысы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн жооптуу болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши өз жоопкерчилигин аткарып, Ливандагы Израиль режиминин агрессивдүү жана террордук аракеттерине чечкиндүү жооп бериши керектигин, болбосо аймак толук масштабдуу кагылышууга тартылуу коркунучунда турганын эскертти.

Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишине дүйнө көз салып турганын жана анын эмне кылып, эмне кылбаганына жараша баа берилерин кошумчалады.

Комментарий жиберүү