Кытай 44 жылдан бери биринчи жолу континенттер аралык ракетасын сынады

25-сентябрга караган түнү Кытай континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады, дүрмөттүн макетин алып жүргөн ракета Тынч океандын “так белгиленген деңиз аймагына” түшкөн.

Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, Кытай Элдик боштондук армиясынын ракеталык күчтөрү континенттер аралык баллистикалык ракетаны 25-сентябрда саат 08:44тө Тынч океандын ачык деңизине  учуруп, ракета күтүлгөн деңиз аймактарына түшкөн.

Билдирүүдө бул сыноо алардын жылдык машыгуу планында кадыресе чара болуп саналары, ал эл аралык укукка жана эл аралык практикага ылайык келери жана эч бир өлкөгө же максатка каршы багытталган эместиги айтылат.

Кытай чөлкөмдөгү өлкөлөргө учуруу тууралуу алдын ала кабарлаганы белгиленет.

Associated Press маалымдагандай, Кытай акыркы жолу континенттер аралык баллистикалык ракетаны 1980-жылы Тынч океандын түштүгүндө учурган. Кытайдын басылмаларында жарыяланган ошол жылдардагы карталар боюнча сыноо аянты Соломон аралдары, Науру, Гилберт аралдары, Тувалу, Батыш Самоа, Фиджи жана Жаңы Гебриддер түзгөн айлананын ичиндеги аймакка түшкөн.

Комментарий жиберүү