Америкалык журналист Кен Клиппенштейн эксклюзивдүү макаласында Иран менен согуш күчөп турган маалда «АКШ өзүнүн десантчыларын Израилге жашыруун түрдө жөнөткөнүн» билдирди.
FarsNews агенттиги маалымдагандай, буга чейин «The Intercept» жана «The Nation» басылмаларында иштеген көз карандысыз журналист Клиппенстейн өзүнүн жеке сайтына жарыялаган билдирүүсүндө мындай деп жазган: «Пентагон март айында 82-аба-десанттык дивизиясы Жакынкы Чыгышка жөнөтүлүп жатканын жарыялаганда, маанилүү бир жагдайды жашырып койгон: десантчылардын айрымдары Израилге жөнөтүлгөн».
Ал ошондой эле мындай деп белгилеген: «Согушту пландаштырууга катышкан аскердик булак мага бул жайгаштыруу АКШ менен Израилдин Харг аралын басып алуу жана Ирандын ичинде жээк аймагын түзүү боюнча жаңы биргелешкен пландары менен байланыштуу экенин айткан»
2026-жылдын 7-апрелиндеги АКШ армиясынын буйругуна ылайык, «Джеронимо» деп аталган батальонго Израилде «убактылуу кызмат өтөө» негизинде жайгашуу тапшырмасы берилген. Бул жайгаштыруу ушул убакка чейин расмий жарыяланган эмес жана маалымат каражаттарында да чагылдырылган эмес.
Клиппенштейндин айтымында, Пентагон муну тастыктаган эмес. Алар болгону 82-аба-десанттык дивизиясы АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) жоопкерчилик аймагына жөнөтүлгөнүн билдиришкен. Жалпыга маалымдоо каражаттары ушул бүдөмүк түшүндүрмөнү кайталап, бул бөлүк Кувейттеги же Катардагы америкалык базаларга жөнөп жатат деп жазышкан.
Ушул жылдын март айынын акырында «New York Times» басылмасы Пентагондун өкүлдөрү «АКШнын Ирандагы аскердик операцияларын колдоо үчүн 82-аба-десанттык дивизиясынын бригадасын жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын» кабарлаган.
Маалыматка ылайык, бул күчтөр дивизиянын ыкчам аракеттенүүчү курамына кирет. Бригада болжол менен 3000 аскерден турат жана дүйнөнүн каалаган чекитине 18 сааттын ичинде жайгаштырылууга жөндөмдүү.
«New York Times» басылмасы ошол кездеги макаласында бул күчтөр Ирандын мунай экспортунун негизги борбору болгон Харг аралын басып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн деп жазган.
«Бул маалымат Ирандын аймагынын бир бөлүгүн басып алууга даярдык көрүлүп жатканын сүрөттөп турат. Ошондуктан мен «New York Times» жана башка маалымат каражаттары аркылуу Тегеранга мындай операция жакын арада башталышы мүмкүн деген белги берилген деп ойлойм», – деген Клиппенштейн.
Ал андан ары мындай суроо койгон: «Эгер АКШ Израилде абадан коргонуу системаларын жана F-22 согуштук учактарын жайгаштырганын ачык эле моюнга алып жатса, анда эмне үчүн Израилдин атын атаганда мындай сезимталдык пайда болот?»
Бул суроого жооп катары журналист үч себепти атаган:
«Биринчиден, АКШ менен Израилдин аскердик кызматташтыгы жөн гана курал-жарак сатуу менен эле чектелбейт, анын масштабы андан алда канча чоң.
Экинчиден, эки өлкө чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүнү улам кеңейтип жатат. Максат – Израилди АКШ, Канада, Улуу Британия, Австралия жана Жаңы Зеландия кирген “Беш көз” деп аталган чалгындоо альянсынын шарттуу түрдө “алтынчы көзүнө” айландыруу.
Үчүнчүдөн, Израилдин атын ачык аташ АКШнын Иранга каршы чабуулунун канчалык деңгээлде АКШ менен Израилдин биргелешкен операциясы экенин көрсөтүп берет».
Клиппенштейн өз макаласын жыйынтыктап, мындай деп жазган:
«82-аба-десанттык дивизиясынын 2-батальонунун “Charlie” ротасы азыр да Израилде жайгашкан жана акыркы эки ай ичинде алардын ишмердүүлүгү тууралуу эч кандай маалымат жарыяланган жок. Мен кургактагы операция сөзсүз болот же жакын арада башталат деп айтпайм. Бирок эгерде мындай операция даярдалып жаткан болсо, анда бул тууралуу коомчулук билиши керек эмеспи?»
Эске салсак, март айынын аягында АКШ армиясынын элиталык 82-аба-десанттык дивизиясынын аскерлери Жакынкы Чыгышка келе башташканын Reuters агенттиги булактарга шилтеме берип кабарлаган. Жайгаштырылган бөлүктөрдүн катарында дивизиянын штабы, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүктөрү жана бригадалык согуштук тобу бар экени айтылган. Бул аймакка андан мурда миңдеген моряктар жана деңиз жөө аскерлери жөнөтүлгөн.