Жардыргыч заттар “Хезболла” колдонгон пейжерлерге орнотулган – CNN

17-сентябрда жарылган “Хезболла” пейжерлеринин литий батареяларына жардыргыч заттар салынган. Бул тууралуу CNN өз булактарына таянып билдирди.

Ливандык булактардын бири жардыргыч заттар ушунчалык татаал жол менен катылгандыктан, алар байкалбай турганын айтты.

Башка жогорку даражалуу коопсуздук булагы CNN телеканалына билдиргендей, ал мина орнотулган пейжерлердин бирин текшерип, ал көзөмөлдөнгөн түрдө жардырылып жатканда ошол жерде болгон. Анын айтымында, жардыргыч зат аппараттын литий аккумуляторуна бириктирилип,  дээрлик көрүнбөй калган. Ал ошондой эле буга чейин мындай нерсеге жолукпаганын белгиледи.

Колдон жасалган жардыргыч түзүлүш беш негизги бөлүктөн турган: кубат булагы, демилгечи, детонатор, жарылуучу заттын заряды жана баарын салган корпус.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Ливандагы жана Сириядагы “Хезболла” тобунун жүздөгөн мүчөлөрү пейжердик жардырууларды баштан өткөрүшкөн. “Хезболла” Израилди “кылмыштуу агрессия” үчүн айыптап, “адилет жооп кайтарарын” убада кылган.

Ошол эле учурда Израиль пейжердеги жардырууларга тиешеси бар экенин четке кагууда.

Комментарий жиберүү