Иран АКШдагы шайлоого кийлигишүүдө деген сөздү четке какты

Ирандын БУУдагы миссиясы Тегеран АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүдө деген дооматтарды четке кагып, аны “негизсиз” деп атады.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан дүйшөмбү күнү журналисттерге таратылган билдирүүдө эгерде Вашингтон өзүнүн айыптоолорун негиздүү деп эсептесе, Ирандын бийлигине Тегерандын Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу далилдерди бериши керекти айтылат.

“Мындай айыптоолор негизсиз. Эгерде АКШ өкмөтү өзүнүн дооматтарынын негиздүүлүгүнө ишенсе, анда биз аларга тиешелүү жооп берүүбүз үчүн бизге тиешелүү далилдерди, эгерде бар болсо, бериши керек”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин АКШнын Федералдык Тергөө бюросу (ФБР), Улуттук чалгындоо башкармалыгынын директорунун кеңсеси жана АКШнын Инфраструктура жана киберкоопсуздук агенттиги биргелешкен билдирүүсүндө, америкалык агенттиктер Иран президенттикке талапкерлер – республикачыл Дональд Трамп менен Демократиялык партиянын өкүлү, вице-президент Камала Харристин шайлоо штабдарына каршы кибер операцияларды жүргүзүү менен АКШнын президенттик шайлоосуна кийлигишүүгө аракет кылганын билдирген.

Америкалык чалгын кызматтары Тегеран социалдык инженерияны жана башка ыкмаларды колдонуу менен эки саясий партиянын президенттик шайлоо өнөктүгүнө түздөн-түз тиешеси бар адамдарга кирүүгө аракет кылган деген дооматтарды койгон.

Ирандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Тегерандын “киберчабуулдарды жасоо ниети да, планы да жок” экенин, ошондой эле Иран бийлиги АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишперин белгиледи.

Белгилей кетсек, АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өтөт.

Республикачылардын партиясынан расмий талапкер катары мурдагы президент Доналд Трамп көрсөтүлгөн. Ал эми Демократиялык партиядан АКШ президенти Жо Байден шайлоого катышуу ниетинен баш тартып, өзүнүн ордуна 59 жаштагы вице-президент Камала Харристи сунуш кылган.

Комментарий жиберүү